# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-январындагы №9 “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмдөрүнө штат бирдигин түзүү жөнүңдө” токтому

- Полное наименование: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-январындагы №9 “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмдөрүнө штат бирдигин түзүү жөнүңдө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 31.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007079>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27415/edition/9032/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-январындагы №9 “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмдөрүнө штат бирдигин түзүү жөнүңдө” токтому (ред. от 31.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007079

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын 2024-жылы 31-январы №9

“Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмдөрүнө штат бирдигин түзүү жөнүңдө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11 -октябрындагы № 197 “Жарандардын кайрылууларын ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу жөнүндө” тескемесин аткарууга алуу менен, 29.01.2024-жылкы чыгыш №01-17/118 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмү түзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2 штат бирдигин түзүүгө жана эмгек акысы үчүн 592,7 миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

Төрага:

К. Анарбеков.
