# Сумсар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 15-1 “Тулпар АКнан өткөрүлуп алынган имарат жөнүндө“ токтому

- Полное наименование: Сумсар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 15-1 “Тулпар АКнан өткөрүлуп алынган имарат жөнүндө“ токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15-1
- Дата принятия: 19.06.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.06.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006878>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27273/edition/8818/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.06.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сумсар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 15-1 “Тулпар АКнан өткөрүлуп алынган имарат жөнүндө“ токтому (ред. от 19.06.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006878

---

СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

2023-жылдын 19-июнундагы № 15-1

“Тулпар АКнан өткөрүлуп алынган имарат жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №75 жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы жөнүндө” №17 жарлыгынын, жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 24-октябрындагы “2022-2027-жылдарга Чаткал районун өнүктүрүүнүн беш жылдык генералдык планын жана райондун Брендин жарыялоо жөнүндө” №40 токтомунун негизинде Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сумсар айылында жайгашкан Тулпар АКнан сатып алынган имарат жеке менчикке сатуу үчүн аукционго коюлсун, тигүү цех куруп иштетүү үчүн менчикке сатылсын.

2. Өндүрүш ишканасын аукционго койуп тигүү цехге айландыруу жана мыйзамдарга дал келтирип иштетүү жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн башчысы Т.Ботобековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин бюджет,каржы,инвестиция,ишкердик жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.М.Эргешов
