# Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 160 "Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы №102 токтому менен бекитилген Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодексинин негизинде" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 160 "Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы №102 токтому менен бекитилген Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодексинин негизинде" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 160
- Дата принятия: 27.11.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.11.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006757>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27186/edition/8696/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.11.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 160 "Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы №102 токтому менен бекитилген Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодексинин негизинде" токтому (ред. от 27.11.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006757

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы 2023-жылдын 27-ноябры № 160 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы №102 токтому менен бекитилген Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодексинин негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессияларга катышуусу кабыл алынган этика кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

2.Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелинет ( эмгекке убактылуу жарамсыздыгы, кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча) бул жагдайларда ар бир депутат эмгекке жарамсыздыгын баракчасын тапшыруусу зарыл, ал эми үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу жыйналышка келе албаса бул жөнүндө сессияга 3 – күн калганда кат жүзүндө катышпоонун себебин көрсөтүү менен кеңештин катчысына тапшыруулары мыйзамдуу деп саналсын.

3.Мындан кийин сессиядан телефон же WhatsApp аркылуу жооп суроо кабыл алынбасын жана ал кайрылуу себепсиз сессияга келбегендик деп эсептелинсин.

4.Токтом Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө 2020-жылдын 20-июнундагы № 62 мыйзамынын негизинде ишке ашырылсын.

5.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын когоо боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

6.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.С. Ысырайылов.
