# Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 125 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 125 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 125
- Дата принятия: 17.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006659>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27109/edition/8584/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 125 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө" токтому (ред. от 17.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006659

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясы 2023-жылдын 17-февралы № 125 Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 683 “Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндөгү” токтомунун жетекчиликке алып “финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде Мырза-Аке айыл аймагындагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 61 (алтымыш бир ) жаран тазалык, таза суу коммуналдык кызматтарга төлөө акысынан 50 пайыз жеңилдик берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

Төрайым

Г.Жороева
