Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Мырза-Аке айылдык кеңешинин «Республикалык бюджеттен келген 412,5 миң акча каражатын жергиликтүүбюджеттин чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү,бала бакчалардын ата-энелер төлөмүнө (өздүк каражат эсебинен)70,0 миң сом кошумча план алуу жана аны сарптоо, жергиликтүү бюджеттен чыгаша бөлүгүнөн 211,5 миң сом акча каражатын кыскартуу жөнүндө» токтому
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XVIII сессиясы 2022-жылдын 28-декабры № 107 Республикалык бюджеттен келген 412,5 миң акча каражатын жергиликтүүбюджеттин чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү,бала бакчалардын ата-энелер төлөмүнө (өздүк каражат эсебинен)70,0 миң сом кошумча план алуу жана аны сарптоо, жергиликтүү бюджеттен чыгаша бөлүгүнөн 211,5 миң сом акча каражатын кыскартуу жөнүндө Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын отуруму күн тартибинде киргизилген маселени карап талкуулап,Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун жетекчиликке алып, “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. – Мырза-Аке Жайыт комитетин,Өзгөн райондук салык кызматы тарабынан комералык текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде көрсөтүлгөн 270,0 миң сом жер салыгын төлөө үчүн которулуп берилсин.
-А.Калмурзаев орто мектебинин от жагуу канасын курууда кошумча аткарылган жумуштар үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн орто мектептеринин интернет чубалгыларын монтаждоого 42,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-Айыл Өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин ата –энелер төлөмүнүн эсебинен өздүк каражаттан 70,0 миң сом кошумча пландын эсебинен бала бакчалардагы тарбиялануучулардын тамак ашына азык түлүк сатып алууларга жумшалсын.
-КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547 “ Айыл чарба ишин жүргүзүлгөн субьекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн жер салыгынын кыскаргандыгына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн 211,5 миң сом акча каражаты кыскартылсын.
2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Г.Жороева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.