# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 15-майындагы №38/147 "Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 15-майындагы №38/147 "Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 38/147
- Дата принятия: 15.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006574>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27058/edition/8505/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 15-майындагы №38/147 "Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006574

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 15-майы №38/147 Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 тескемесин аткаруу максатында, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 50 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын 8-майындагы № 01-8/1211 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ кылат:

Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районуна ипотекалык үйлөрдү курууда социалдык объектердин: бала бакча, мектеп, балдар аянтчаларын куруу боюнча сунуш кат жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун 1-2-пункттарын аткаруу жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов
