# Лейлек айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы №17/04 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин аткарууга алуу үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Лейлек айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы №17/04 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин аткарууга алуу үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17/4
- Дата принятия: 07.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006229>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26775/edition/8125/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Лейлек айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы №17/04 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин аткарууга алуу үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006229

---

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Лейлек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVII сессиясы

2024-жылдын 7-майы № 17/04

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин аткарууга алуу үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан аткарууга алынуучу беренелерди аткарууга алуу үчүн Лейлек айыл аймагында комиссия курамын түзүү тууралуу сунушту карап чыгып, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Лейлек айыл өкмөтүндө бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 492-беренсинде көрсөтүлгөн укук бузууларды кароо боюнча Лейлек айыл аймагында №2 тиркемеге ылайык комиссия курамы түзүлсүн:

3. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, Лейлек айыл өкмөтүнүн leilek.ord.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын Мыйзамдуулук,мандат, укук, жаштариштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.Т.Мукарамов

Лейлек айыл аймагынын айылдык кенешинии 2024-жылдын 07-майындагы VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын №17/04 токтомуна №1 тиркеме

Лейлек айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу ЖОБО

1.Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары- Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөсү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жонундо Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15- январдан кеч эмес, өткөнкалендарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

-жергиликтүү кеңештин депутаттары; -муниципалдык кызматчылар;

- айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)

10. Комиссиянын торагасы комиссиянын мүчөдрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.

11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;

- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;

- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;

- медициналык кортундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.

12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктар жергиликтүү кенеш Комиссиянын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жащы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.

13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаатын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;

-Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо; -Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде,

- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жондомсүз же аракетке жондомдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же олгон деп табылганда;

- медициналык кортундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда,

- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;

- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда, - жергиликтүү Кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.

14. Комиссиянын жашы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календардык күндөн кеч эмес бекитилет.

15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарың аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.

16. Комиссиянын жашы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.

3. Комиссиянын ишинин тартиби

17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.

18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган моонотторүн сактоо камсыз кылынгыдай болууга тийиш.

19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса. Комиссиянын отуруму укуктуу болот.

20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан кобу добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материаллары келип түшкөнден баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт

22. Айыл өкмөт башрчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт.

23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.

24. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:

А) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстни 29-беренесин);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө

Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүү жөнүндө аныктама чыгарат.

25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тапртите жүзөгө ашырылат.

4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укутары жана милдеттери

26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.

27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.

28. Комиссиянын мүчөлөрү:

- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштер жана материалдар менен таанышууга;

Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- «бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;

-Комиссиянын отурумдарынын протоколдоруна кол коюуга. Төмөндөгүлөргө укуктуу:

- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө,

- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө,

-Кодексте каралган башка укуктарга.

29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмендөгүлөргө милдеттүү:

- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

- Комиссиянын отурумдарына төрагалык кылуу;

- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;

-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;

- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү

- Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним аракеттерди жасоого;

-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

- Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- ушул Кобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

30. Комиссиянын төранасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүдөй укуктарга, милдеттерге ээ:

- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- «Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат

31. Комиссиянын катчысы. Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат:

- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги астында ишке ашырат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;

- бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамалдарды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жонүндө ондүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коёт;

- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коёт;

- аныктамалардын жана токтомдордун кочүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга

белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун

аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажыйрбасын иликтейт жана жалпылайт;

- Комиссиянын ишмердүүлүгүн жонго салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;

-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;

- Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын

төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;

- иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кылыкдар болушса;

- Алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.

34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат

35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.

36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун аны дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.

Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учура, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырыльшын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милеттүү. Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тиркелет.

37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып, жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коёт, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.

38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт

- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн ирээтинде жайгаштырылган бардык документтер;

-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор;

Бардык документер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин

номуру каттоо журналындагы катар номерин жана келип түшкөн жылды камтыйт

40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.

41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.

42. Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:

- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;

- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы.

43. Журналдардын барактары номерленген, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналдагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.

42. Журналдын сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизме боюнча архивге тапшырылат .

45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт

Лейлек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: - К. А. Жапаров

Лейлек айыл аймагынын айылдык кенешинии 2024-жылдын 07-майындагы VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын №17/04 токтомуна №2 тиркеме

Лейлек айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы

Комиссиянын төрагасы – Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Ж. Райимбердиев; Комиссиянын төрагасынын орун басары – Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы М. Н. Бектемиров; Комиссиянын катчысы – Лейлек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. А. Жапаров

Мүчөлөрү:

А. Назаров – Аксакалдар сотунун төрагасы;

Т. Орозкулов – Лейлек айылдык кеңешинин депутаты;

А. Жаныбек кызы – Лейлек айылдык кеңешинин депутаты;

Н. Сайипов – Лейлек айылдык кеңешинин депутаты;

Б. Саматов – Лейлек айылдык кеңешинин депутаты;

А. Токтоназаров ­– аксакалдар кеңешинин төрагасы;

Н. Уразбаева – аялдар кеңешинин төрайымы;

П. Мамытов ­– Лейлек айыл аймагы боюнча милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү;

Тиешелүүлүгүнө карап ар бир айылдын айыл башчылары.

Жооптуу катчы:- К. Жапаров
