# Ош шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15 мартындагы №218 Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Ош шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15 мартындагы №218 Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 218
- Дата принятия: 15.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006222>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26776/edition/8126/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ош шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15 мартындагы №218 Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 04.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006222

---

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ТОКТОМ

2024-жылдын 15-марты № 218

Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн 2024-жылдын 30-январындагы №1 буйругун, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 14-февралындагы №111 катын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 2-пунктунун негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 17, 18, 44, 49-беренелерин жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 8, 18, 20, 27-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды даярдоо, шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн тарифтик ставка баалары жана эсептөө ыкмалары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына тиешелүү иш кагаздарын берүүдө бекитилген бааларды колдонуу жагы милдеттендирилсин.

3. “Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө” токтому Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. “Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө” токтомун Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына (Д.Кокочоров) милдеттендирилсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнө (Э.Кармышаков) жүктөлсүн.

Мэрдин орун басары

С.К. Джунусбаев
