# Баткен шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-мартындагы №29 "Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-мартындагы №29 "Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29
- Дата принятия: 25.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.03.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006085>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26671/edition/7990/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.03.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-мартындагы №29 "Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө" токтому (ред. от 25.03.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006085

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2024-жылдын 25-марты № 29 Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администарция жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин берген маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын XXIII сессиясы Токтом кылат:

1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы толуктоолор менен кабыл алынсын.(маалымат тиркелет)

2.Жергиликтүү бюджетти кошумча киреше булактар менен толуктоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр өз учурунда кечиктирилгис аткарылуусу эскертилсин.

- муниципалдык менчиктин балансындагы кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү туура пайдаланылгандыгы жана өзгөртүүлөр киргизилгендиги жыл сайын маалымдалып турулсун,

- муниципалдык баланстын мүлктөрүн ижаралоо жана аны кайра кабыл алууда өз калыбында, кабыл алынаары белгиленсин.

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.

Төрага

А.Аширов

Баткен шаардык Кенешинин

VI чакырылышынын кезектеги

XXIII сессиясынын №29-токтомуна

№\_\_\_тиркеме

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин, муниципалдык менчикти башкаруу абалы жөнүндө МААЛЫМАТ Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде жалпысынан 31 штаттык бирдик бекитилген. Бүгүнкү күндө 28 кызматкер эмгектенет, анын ичинен сапаттуу курамы 18 кызматкерди түзөт. Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаменти ишмердүүлүгүн шаардын аймагындагы айыл чарба жерлерин башкарууда КР жер кодексинин, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июлундагы №306 токтомунун “Асылдуулугу төмөн айыл-чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун, 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” токтомунун, КР МК 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун ал эми шаардын ичиндеги муниципалдык жерлерди КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун негизинде бекилген типтүү жобонун негизинде иш алып барат. Баткен шаарынын жалпы аянты 42 765,2 га түзөт. Түндүк тарабы Кара Бак, түштүк тарабы Кара Булак, чыгыш тарабы Дара ал эми батыш тарабы Ак Сай айыл өкмөттөрү менен чектешет. Анын ичинен: Шаар аймагындагы жерлер – 14923 га Рават жайлоосу – 14673 га Дөгмөн жайлоосу – 12726,9 га Кык жайлоосу – 410,7 га Ат Жолу насостук станциясынын алдындагы жер – 31,6 га Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган муниципалдык мүлктөр боюнча. Имараттар 45 657 753 сом (гороно 1 251 163 311) Курулмалар 85 105 684 сом Машина жана жабдуулар 64 707 600 сом Контордук жабдуулар 3 144 956 сом Эмерек жана буюмдар 4 541 900 сом Транспорттук каражаттар 65 010 327 сом Жалпысы 268 168 220 сом 2023-жыл ичинде Айыл Банк ААК аркылуу лизинг аркылуу кредитке 1(Бир) Грейдер алынды. Оздүк наркы 7 624 500 сом , ал эми бүгүнкү күнгө которулган акча каражаты 2 480 400 сом. 2016-жылдын 16-декабрында КР ФМ жана Баткен шаарынын мэриясы менен түзүлгөн 19-05/69 сандуу келишимдин негизинде Баткен шаарынын таза суу линиясын реконструкциялоо максатында алынган ЕБРР тарабынан 1,5 миллион ЕВРО кредит алынган. 2023-жыл ичинде 17 961 100 сом , ал эми ушу күнгө чейин жалпысынан 68 484 968 сом акча каражаты которулуп берилди. Калган сумма 748 590 евро.(Кредиттин төлөө мөөнөтү 2018-жылдан 14-майына тартып 2030-жылдын 14-майына чейин төлөнөт) Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган социалдык обьектилер боюнча. Баткен шаарында бүгүнкү күндө 7 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 6 бала бакча, бүгүнкү күндө Баткен шаардык билим берүү мекемесине өткөрүлүп берилди. 5 ФАП, 3 эс алуу багы, 1 борбордук стадион, коргоо алынган Кызыл Жол кварталындагы Саймалуу Таш жана Токтогул Олуя маданий тарыхый жайы, шаар аймагында Улуу ата мекендик согуштун, ЧАЭСнын, Авган согушунун, Баткен кооогалаңынын, Кыргыз Тажик куралдуу салгылашуусунда курман болгон баатырлардын айкели жана коомдук ишмерлерге арналган 5 даана айкелдери бар. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган социалдык обьектилерге калтырылган жерлер боюнча. Кызыл-Доң кварталында

1. Ак Таш мектеп - курууга 1,5га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси

Мектеп курулуп бүткөн, мамлекеттик акт алынып пайдаланууга берилди.

2. Мечит- курууга 0,12га жер аянты бөлүнгөн азыркы учурда мечит

курулган оз багытында пайдаланууда

3. Мончо -курууга-0,10га жер аянты бөлүнгөн . бүгүнкү күндө ал жерге 140 орундуу балдар бакчасын куруу долбоору журуп жатат.

4.Тамаша Жай мектеп курууга -0,93 га жер аянты мектеп курууга калтырылган..Мамлекеттик акт бар.

Базар Башы кварталында Паран участкасында мектеп курууга- 0,97га жер аянты бөлүнгөн, анын ичинен ФАП курууга-0,06 га, Мечитке-0,10 га, Жер тилкеси арендага берилген эмес мамлекеттик акт алынган. Булак Башы каврталында ФАП курууга- 0,08га жер аянты бөлүнгөн. Балдар аянтчасына – 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилип гос акт даярдалууда. Кызыл Жол кварталында мектеп курууга- 1.3га жер аянты бөлүнгөн аренда же башка багытта пайдаланууга берилген эмес мамлекетик акт даярдалууда. гидрометеостанция- 1,0га жер аянты бөлүнгөн аба ырайынын маалыматын алуу үчүн атайын жабдык тетиктери келген жердин айланасын тосмо менен тосуу үчүн долбоор иштери жүргүзүлүп жатат мамлекеттик акт бар. кут билим- 1,35га жер аянты бөлүнгөн долбоор иштеринин иш кагаздары жүргүзүлүүдө мамлекеттик акт бар. дүкөн мончо аптека- 0,20га жер аянты бөлүнгөн учурда арендага берилген Чет Булак кварталында БатМУ- 5,0га жер аянты бөлүнгөн учурда долбоор негизинде курулуш иштери жүргүзүлүүдө мамлекеттик акт бар

2. ЖКК -0,56га жер аянты бөлүнгөн азыркы учурда оз багытында пайдаланууда мамлекеттик акт бар

3.УКМКна -0,50га жер аянты адм-дик имаратты курулуп пайдаланууга берилди.

4. Өсүмдүктөрдү коргоо станциясы- 0,10га жер аянты бөлүнүп бүгүнкү күндө имараты курулуп пайдаланууга берилди.

5. УКМКна- 0,90га жер аянты бөлүнгөн мекеменин имараты курулуп пайдаланууга берилди.

6 Улуттук банк- 0,50га жер аянты бөлүнгөн бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө.

7. Медициналык акамедия курууга- 1,12га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган.

8.Лаборатория- 0,12га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган

9.Райондор аралык сот администр- 0,23га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт бар

10. МИДге -0,20 га жер аянты бөлүнгөн

11. Аз камсыз болгон уй бүлөлөргө турак жай курууга 3,24га жер аянты бөлүнгөн мамлекетти акт алынган.

12. Муниципалдык мал базарын курууга 1,5 га жер аянты бөлүнүп бүгүнкү күндө курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилди.

13. Ипподром курууга- 130826м2 жер аянты бөлүнгөн мамлекеттик акт алынган

14. Президенттин иш башкармалыгына – кызматтык турак үйлөрдү курууга 0,80 га бөлүнгөн мамлекеттик акт алынган курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилүү алдында турат.

15. Таштанды таштоочу жайга – 25 га жер аянты бөлүнгөн мамлекеттик акт алынган

16. Социалдык обьектиге 21 га – жер аянты бөлүнгөн ал жерге баш планы боюнча:

1. Гимназия жатак мектебине – 3.0 га

2. Спорт комплексине – 2.0 га

3.Мейманканага- 1.0га

4. Балдар ооруканасына- 1.0га

5. Шаардык ооруканага- 1.0га

6. Архитектура- 0.3 га

7. Кадастр- 0.3 га

8. Нур балдар борборуна- 0.3 га

9. Спид центрге- 0.2 га

Айгул Таш жаны конушунда (подстанция) Россия Федерация тарабынан 1224 орундуу орус тилдүү мектеп курууга -3.0 га жер аянты бөлүнүп берилди мамлекеттик акт алынган. Муниципалдык базар курууга -15,0га жер тилкеси бөлүнүп Мамлекеттик акт алынып, бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы жүрүп жатат. Автобекет курууга- 1,0 га бөлүнүп берилип бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат. Автобаза курууга- 1,0 га бөлүнүп берилди, курулуш иштери баштала элек. Келечек кварталында МСО участкасына балдар бакчасын курууга - 0,50га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынууда. Телевидения -0,25га жер аянты бөлүнгөн курулуш иштери бүтүп ишмердүүлүк жүрүп жатат мамлекеттик акт алынган Мектеп курууга -0,80га жер аянты 275 орундуу мектеп курууга жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган. Жаштар үйү -0,10га жер аянты бөлүнгөн имарат пайдаланууга берилген Китепканага -0,34га жер тилкеси бөлүнүп берилген Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында Ассафа коомдук бирикмеси тарабынан аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө 3,24га жер аянтына 109 квартиралуу 25 турак үй, 1- бала бакча, 1- Фап, 1- мечит, 1- спорт аянтча, 1-кийим тигүүчү цех, 1 нан чыгаруучу цех курулуп бүгүнкү күндө элге кызмат кылууда. Кызыл-Жол кварталынын Төрт-гүл суу сактагычынын айланасынан 225,0 га Айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтын көп жылдык бактар түрүнө которулуп элдерге ижарага бадам көчөттөрүн отургузуу боюнча бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күндө анын ичинен 35,0га жер тилкесине бадам көчөттөрү отургузулду. Баткен шаарында турак жай алуу үчүн бүгүнкү күндө 5562 шаар тургундары кезекте турат ушул көйгөйдү чечүү максатында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын БАМ конушунан 158,0 га Чет-Булак кварталынын Түлкү-Таш конушунан 41,6 га Айыл чарба багытындагы жайыт жер тилкесин калктуу конуштар багытына которуу иштери жүргүзүлүп КР КМне караштуу МЖРАнин кароосунда турат. Баткен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 109 жерлердин өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын жетекчиликке алып 2022-2023 жылдар ичинде Баткен шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.

А.Жайнаков 500 метр 22 мыйзамсыз курулуштар

Тамаша Жай кон. К Орозов 1000 метр 26 мыйзамсыз курулуштар Мийзам Ажи 860 метр 53 мыйзамсыз курулуштар

А.Имаров 1380 метр 50 мыйзамсыз курулуштар

И.Ташкожоев 1365 метр 12 мыйзамсыз курулуштар

Н.Боркошов 800 метр 40 мыйзамсыз курулуштар

Сайдиман ажы к. 600м 5 мыйзамсыз курулуштар Чет Булак – 4 көчөсүндө 200 м аралыктагы 4 курулуш бузулуп муниципалдык жерлер өз калыбына келтирилди жана К.Турмаматов көчөсүндө 1200 метр 10 мыйзамсыз курулуштарга эскертүү берилди. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бүгүнкү күндө Баткен шаарында өнүктүрүү фондунан, республикалык бюджеттен жана ар кандай фонддор аркылуу каржылоого алынып төмөнкү жумуштар аткарылды: Чет Булак кварталындагы муниципалдык базарды курууга, муниципалдык автобекет, аэропорт конушуна сугат суу каналын жана Баткен шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарына: АРИС уюму тарабынан аткарылуучу Жаштык жана Жеңиш парктарына, Кызыл-Жол кварталындагы Ак Өрүк конушундагы 375 орундуу орто мектебине, Ж.Бөкөнбаев орто мектебине 225 орундуу кошумча класстар үчүн имарат, Аэропорт конушуна 275 орундуу мектептин, Ак Таш конушундагы Бала Бакчага, Чет Булак кварталындагы 11 км жолго асфальт төшөө жумуштарына жана Кызыл Жол кварталындагы Кара Тоо конушуна скважина жана суу кампасына: Чет Булак кварталында 11 км аралыкка таза түтүкчөлөрүн жаткыруу боюнча түзүлгөн 3 тараптуу 11 801 565 сомдук келишимге ДМС тарабынан архитектурлык иш кагаздар (бүтүм, АГЗ жана ПСД) жасалып берилип бугунку кундо таза суу түтүкчөлөрү жаткырылып суу кампасы (резвуар) курулуш иштери башталуу алдында турат. Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында төмөнкү иш чаралар аткарылды. Аткарылган иш-чаралар Баткен шаардык Кеңештин сессиясында Сиздер тараптан бекитилип берилген. Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жыл ичинде Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар жалпы суммасы 137 100 000 сомду түзсө, анын ичинен негизги приоритеттуу иш чараларга 103 000 000 сом анын ичинен дем берүүчү грантка 5 734 057 сом, 2022-жылдан калган дебитордук карыздарга 5 628 041 сом каралган. Дем берүүчү грант боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан каржыланган дем берүүчү грант 14 733 057 сом каржыланган болсо жергиликтүү бюджеттин өздук салымы 3 247 617 сомду түздү.

Жарыктандыруу боюнча жалпысынан 400 000 сом каржыланды. Анын ичинен;

- Баткен шаарынын көчөлөрүнө 150 даана электро лампа, түнкү жарыктандырууга керектелүүчү прожектор жана фотореле каражаттары алынды.

Жол коопсуздугу боюнча жалпысынан 400 000 сом акча каражаты каралып. Анын ичинен;

- Баткен шаарынын аймагындагы светофорлорду оңдоп түзөө үчүн 200000 сом каралып «Декор Строй»жоопкерчилиги чектелген коому 199850 сомго женген

- Жол белгилерин сатып алуу үчүн 200000 сом каралып “Арсен Групп ЛТД” ЖЧКсы 177250 сомго женген.

- Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнүн жолдорун оңдоп түзөө иштерине (ямочные работы)2023-жылга сом бөлүнүп анын ичинен 600 000 каралып Баткен Райондук ДЭП-2 ишканасы аркылуу аткарылды.

- Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө 2 даана адамдын бетин таануучу видео байкоо камерасын орнотуу үчүн 140 000 сом каралып жеке ишкер Дыйканов Абдималик 199 450 сомго жеңип шаар ичине орнотулду.

К.Турмаматов көчөсүнө көпүрөө куруу үчүн 12 000 000 (анын ичинен 7 500 000 сом Баткен облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 5 000 000 сому жергиликтүү бюджеттен) сом каралса 9403801 сомго “Рус Өмүр” ЖЧКсы тарабынан курулуп көпүрө ишке берилди.

Баткен шаарынын жаны конуштарына шагыл төшөө үчүн 500 000 сом каралып Партнер Нефть ЖЧКсы 399865 сомго женген.

И.Раззаков көчөсүндөгү тротуарга 1000000 сомго Мамлекеттик сатып алуулар порталына, 3-жолу сатып алуулар жарыяланып эч ким кирген жок.

Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө асфальт төшөөгө 15 000 000 сом каралса 8 900 000 сомго Кызыл Жол кварталындагы Ж.Назаров көчөсүнө узундугу 780 метр аралыкка асфальт төшөлдү.Келечек кварталынын О.Абдрахманов көчөсүнө 4 569 225 сом ОсОО Усен Аман аткарууга алып, кара чакыч (битум) тартышкыгына байланыштуу 2024-жылга калтырылды. Социалдык тармактар боюнча жалпысынан 16 435 175сом каралды. Анын ичинен;

- Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт залды оңдоп түзөө үчүн 8 480 315 сом каралып 7 972 555 сомго Имарат Баткен ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери жургузулуп бугунку кундо бутоор алдында турат .

- 707 аскер бөлүгүнө Баткен Тажик куралдуу кагылышуусунда батырларча курман болгон жоокерлерге эстелик тургузуу үчүн 285 000 сом каралса 270 000 сомго жеке ишкер Бакачиев Марлен женүүчү болгон.

- Баткен шаарынын муниципалдык Мал базар куруу үчүн жлпы суммасы 22 811 407 сом каралса 4 сатып алуу жарыяланып 3 055 601сомго Максат ЖЧКсы жеңүүчү болуп 2 968 125 сом акча каражаты которулуп берилди. Аист Строй ЖЧсы 7 218 182 сомго тротуар, суу кампа, благоустройство куруу учун , ОсОО Алмазбек 4 557 718 сомго 3 мал сатуучу навести курууга. ОсОО Тагайбек строй мал базардын сырткы авто стоянкасын куруу учун 1 564 111 сом, ОсОО Строун 455 828 сомго туалет куруу учун.

Жалпысынан мал базар курууга 14 322 272 сом акча каражатын жумшалды. Баткен шаарынын тазалыгы жана көрктөндүрүү боюнча жалпысынан 1 222450 сом каралды; Анын ичинен:

- Баткен шаарындагы жолбун иттерди атуу үчүн 350 000 сом каралып жеке ишкер Ходжаев Абдинаби 332500 сомго женген.

- Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө таштанды таштоочу урналарды сатып алуу үчүн 450 000 сом каралса 440 550 сомго Бек Универсал ЖЧКсы жеңген.

Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө көрктөндүрүү жашылдандыруу үчүн 350 000 сом жеке ишкер Акмтов Абдулатка бөлүнүп берилген.

- Баткен шаарынын борбордук кочолорундогу жана борбордук стадиондогу атрибуттарды (желектерди) алмаштыруу үчүн жеке ишкер Исаев Катычага 310 000 сом каралып 100 000 сом бөлүнүп берилген.

Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо үчүн жалпысынан 4 500 000 сом каралды. ЕББР тарабынан каржыланган Баткен шаарынын таза суу долбоорунун кредиттик төлөмдөрүн төлөө үчүн 17 961 100 төлөндү. Жалпысынан алганда Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жыл ичинде Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын аткарылышы 99 пайызды түздү. Кабыл алынган иш-чаралардын жалпы саны 66 Анын ичинен; Негизги приоритеттуу ишчаралар 43 Кошумча иш чаралар 23 Аткарылган негизги иш чаралар 37 Кошумча иш чаралардан аткарылганы 13 Кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы 96 пайызды түзөт. Ал эми Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти Баткен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда, кайра болуштуруу фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин жана калктуу конуштардагы айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага беруудо томонкудой иш чаралар аткарылды. Мамлекттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча

Баткен шаарынын К.Б.Ф нун жерлеринин жалпы аянты-469,0га Анын ичинен суугат айдоо жери-268,0га Кайрак- -77,0га Көп жылдык бак -124,0га анын ичинен момолуу бак - 101,0 га ар турдуу бак - 23,0 га

ИЖАРГА БЕРИЛБЕЙ КАЛГАН ЖЕРЛЕР АНЫН ИЧИНЕН 268,0га суугат айдоо жерден калган- 64,8га жери ижарага берилбегенин себеби: Аэропорт учаскасында - 54га жерге суудун жоктугунан жана аэропортун корго зонасына кирип калгандыктан Эл Аралык Манас аэропортунан келген катын негизинде ижарага берилбей турат. Булак-Башы кварталынын -6,5га айдо жер туздуу шоор жер шор басып эгин эгүүгө жараксыз абалда. Андан тышкары Базар-Башы кварталындагы -2,8га Манас паркынын жана Булак-Башы квартарталындагы- 1,5га мектептин орду Кайра бөлөштүрүү фондунун эсебинде тургандыктан бул жерлерди тез аранын ичинде трансформациялап сугат айдоо жеринин балансынан чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

2.77,0га кайрак жердин 43.0га жер ижарага берилбегенин себеби:

Климаттык шарттарга байланыштуу эгин эккенге болбой жатат. Муниципалдык менчик департаментинин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 2023-жылга ижара келишим боюнча 1 550 000 сом план коюлган. анын ичинен Суугат айдоо жерлерден 856 276 сом Көп жылдык бактардан 683 524 сом Кайрак 10200 сом 2023-жыл ичинде Сугат айдоо 656 000 сом Көп жылдык бак 663 000 сом Кайрак 10 200 сом жалпысынан 1 320 000 сом өндүрүлдү. 230 000 сом өндүрүлбөй калгандын себеби Кызыл-Дан уроочулук чарбасынын жери Кара-Булак айыл өкмөтү тарабынан соттук териштирүүнүн аркасынан. Баткен шаарынын аймагындагы айыл чарба багытынын жайыт жерлерди өндүрүштүк багытка которуу үчүн айыл чарба 41.5 га трансформацияланган. Анын ичинен - 25.0 га жер таштанды таштоо үчүн,

1.5 га мал базарга, ал эми 15.0га муниципалдык базар

Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын шаар ичиндеги ижарага берилген Муниципалдык жерлер боюнча Баткен шаарынын ичиндеги айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча план – 2 500 000 сомго бекилген. Аткаруу жыл ичинде 4 115 000 сом өндүрүлүп 186% түздү. Баткен шаарында И.Раззакво, С.Сыдыков М.Салихов М.Нургазиев кочолорундогу тез тамактануучу жайлар (Минутка)-528,5м2 Бир жылдык ижара толому 181127,5сом Баткен шаарындагы С.Сыдыков Т.Садыков И.Жусупов И.Раззаков М.Салихов кочолордогу салон аттракцион унаа жучу жай жана футбол аянты жана Манас комплекси -28440м2 Баткен шаарындагы Сайдиман ажы Ходжаев М.Салихов Султанмурат мин башы кочолордогу, тепкич, аялдама дукон, мончо, антенна, стоянка-560м2 С.Сыдыков И.Раззаков М.Нургазиев Т.Садыков И.Жусупов Сайдиман ажы көчөсүндөгү жарнамалык щиттер 35,14м2 И.Раззаков Т.Садыков И.Жусупов К.Сабыров Ходжаев Ч.Айтматов Курманжан датка, С.Сыдыков, Коммунистическая Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү дүкөндөр 2418,45м2

И.Раззаков Султан Мин. Башы М.Салихов көчөлөрүндөгү даарыканалар-155м2

И.Раззаков М.Салихов Т.Садыков С.Сыдыков кочолорундогу навесттер- 978м2

Баткен шаарындагы ижарга берилген Муниципалдык жерлер жалпысы 43735м2 жер аянтын тузот. Ал эми Баткен шаарынын долбооруна байланыштуу И.Раззаков, М.Салихов көчөсүндөгү Жаштык жана Жениш паркынын ичиндеги ижарачылардын жеңил типтеги курулмалары Арис тарабынан долбоорло иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу көчүрүлүп алынды. Баткен шаарынындагы Муниципалдык жана промзонадан жер тилкесин жеке менчике сатуу боюнча 2023-жылга 10 000 000 сом планда бекитилсе, 2 200 000 сомго аткарылды. Чет-Булак кварталындагы өндүрүштүккө бөлүлгөн 172,9га жер аянтынын анын ичинен 11,8га аукцион аркылуу сатылган Өндүрүштүккө бөлүнгөн жердин 11,8га жер аянты 5 жаран аукцион аркылуу жеңүүчү болуп 9 817 490 сомго сатып алган,

1.Абдувалиев Адилет 2,0га - 2 550 000 Тоок ферма

2.Кыргыз Текстиль 8,9га – 4 800 000 Тигүү цех

3.Мырзабеков Мырзаакмат 1,0га – 1 400 000 ЖБИ цех (брусчатка)

4.Рахманберди уулу Дастан 0,5га - 650 000 Евро забор

5.Талиев Жыргалбек 0,3га - 417 490 Курулуш материалдар (Цех)

жогоруда көрсөтүлгөндөр аукцион 9 817 490 сом жеңип алгандар график боюнча төлөмүн төлөп, тоок ферма толук ишке берилип 10 адам жумуш менен камсыз болуп, шаардын экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп жатат. Шаар аймагында негизинен -109,5 км жолдор камтылат. -Алардын ичинен эл аралык маанидеги жол-24км (Чек айылынын кесилишинен Сайдиман ажы-Салихов көчөсүнө чейин- 4,0 км СМУ каналынан Миң булак көпүрөсүнө чейин – 20 км) -Республикалык маанидеги жол – 8км (Жибек-Жол көчөсүнүн башталышынан Карабак айыл өкмөтүнө чейин) -Ички жолдор -177,5 км -Анын ичинен асфальт төшөлгөнү- 28,5 км асфальт эмес – 49 км Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаар ичинде 9 жол кесилишине светафор жана 363 жол белги орнотулган. Ал эми шаар ичинде түнкү жарыктандыруу каражаттар Кызыл-Жол кварталынын И.Жусубалиев көчөсүнө, Келечек кварталынын Т.Садыков, И.Жусупов, М.Нургазиев, М.Салихов, С.Сыдыков, Н.Исанов, К.Турмаматов жана Сайдиман ажы көчөсүнө Кызыл-Дөң кварталынын И.Раззаков, Султанмуратов Миң башы, Базар-Башы кварталынын Бектемир Баатыр көчөлөрүнө жана көптөгөн ички көчөлөргө орнотулуп түнкүсүн элдин жана жол коопсуздугун камсыз кылууда.

Жооптуу катчы Ж.Алдашова
