Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жерге-Тал айылдык кеңешинин «Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү жайыт балансындагы Кара-Байыр участкасындагы мамлекеттик жер коругундагы 200 га жайыт жерге мисте багын отургузуу үчүн, аталган жер аянтты жайыт категориясынан бак категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө»
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы 2021-жылдын 13-сентябры № 4-6
Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү жайыт балансындагы Кара-Байыр участкасындагы мамлекеттик жер коругундагы 200 га жайыт жерге мисте багын отургузуу үчүн, аталган жер аянтты жайыт категориясынан бак категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы 26-декабрындагы №12 инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөндөгү мыйзамынын 18-1 пунктуна ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 7-сентябрындагы №2 отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт балансындагы Кара-Байыр участкасындагы мамлекеттик жер коругундагы 200 (эки жүз) га жайыт жерге мисте багын отургузуу үчүн, аталган жер аянтты жайыт категориясынан бак категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Жер аянттын которууну уюштуруу жагы, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.
Төрага
К.Мураталиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций»Закон · 26.12.2020 · № 12