# Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 17" "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 17" "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17
- Дата принятия: 18.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005879>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26520/edition/7773/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 17" "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 18.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005879

---

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 17

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү боюнча чаралар жѳнүндѳ жарлыгын ѳркүндѳтүү жана ыкчам ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022 -жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрѳнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьектерине берүү тартибин бекитүү жѳнүндѳ” буйругун, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17- декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү жѳнүндѳ” токтомун жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңештин сессиясы

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17- декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү жѳнүндѳ” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 120 буйругун 9-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн формуланын негизинде мамлекеттик кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын ѳлчѳмү бекитилсин.

2. Барскоон айылынын сугат жерлеринин жер салыгынын ставкасы 158 сомдон, кайрак жердин салыктык ставкасы 75 сомдон, 30 коэфиценти менен ал эми Тамга, Тосор айылдарынын жер тилкелеринин топурагынын асылдуулугунун тѳмѳндүгүн, таштак, кумдак экендигин эске алуу менен сугат жерлеринин жер салыгынын ставкасы 317,20 сомдон, 20 коэфиценти менен тѳмѳндѳгүдѳй эсептелсин:

Барскоон айылы боюнча: 1 га сугат жерге - 158\*30=4740 1 га кайрак жерге - 75\*30=2250

Тамга, Тосор айылдары боюнча: 1 га сугат жерге – 317,20\*20=6344

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.

Төрага М.Ибаков
