Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясынын « «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ» токтому
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 17
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү боюнча чаралар жѳнүндѳ жарлыгын ѳркүндѳтүү жана ыкчам ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022 -жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрѳнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьектерине берүү тартибин бекитүү жѳнүндѳ” буйругун, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17- декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү жѳнүндѳ” токтомун жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңештин сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17- декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү жѳнүндѳ” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 120 буйругун 9-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн формуланын негизинде мамлекеттик кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын ѳлчѳмү бекитилсин.
2. Барскоон айылынын сугат жерлеринин жер салыгынын ставкасы 158 сомдон, кайрак жердин салыктык ставкасы 75 сомдон, 30 коэфиценти менен ал эми Тамга, Тосор айылдарынын жер тилкелеринин топурагынын асылдуулугунун тѳмѳндүгүн, таштак, кумдак экендигин эске алуу менен сугат жерлеринин жер салыгынын ставкасы 317,20 сомдон, 20 коэфиценти менен тѳмѳндѳгүдѳй эсептелсин:
Барскоон айылы боюнча: 1 га сугат жерге - 158*30=4740 1 га кайрак жерге - 75*30=2250
Тамга, Тосор айылдары боюнча: 1 га сугат жерге – 317,20*20=6344
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Приказ Министерства сельского хозяйства Кыргызской Республики от 19 сентября 2022 года № 329-ни "Об утверждении Порядка предоставления земель Государственного фонда…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Утратил силу
- Указ Президента КР от 8 февраля 2021 года УП № 25"О мерах по развитию агропромышленного комплекса Кыргызской Республики"Указ · 08.02.2021 · № 25 · Утратил силу