# Барскоон жергиликтүү кенешинин XXVIII чакырылышындагы 2 кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 14 " "Барскоон айыл аймагынын Тамга, Тосор айылдарындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Барскоон жергиликтүү кенешинин XXVIII чакырылышындагы 2 кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 14 " "Барскоон айыл аймагынын Тамга, Тосор айылдарындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14
- Дата принятия: 18.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005874>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26516/edition/7770/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Барскоон жергиликтүү кенешинин XXVIII чакырылышындагы 2 кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 14 " "Барскоон айыл аймагынын Тамга, Тосор айылдарындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005874

---

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылышындагы Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 14

Барскоон айыл аймагынын Тамга, Тосор айылдарындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОНУН» негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” 2021-жылдын 17-декабры № 309 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 43-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 20-мартындагы № 58 тескемесин ишке ашыруу максатында, жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОНУН» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” 2021-жылдын 17-декабры № 309 токтомунун негизинде Тамга айылынын тургундарына Барскоон айыл аймагынын Тамга айылынын жер пайдалануу картасынын № 1258 контурундагы 11,9 га жер тилкеси, № 1154 контурундагы 18,0 га жер тилкеси, № 1265 контурундагы 8,2 га жалпы 38,1 га жер тилкелери айыл чарба жерлери келишимдин негизинде ижарага 1 (бир) жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.

2. Барскоон айыл аймагынын Тосор айылынын тургундарына Барскоон айыл аймагынын Тосор айылынын жер пайдалануу картасынын № 543 контурундагы 13,6 га жер тилкеси, № 576 контурундагы 8,9 га жер тилкеси, № 581 контурундагы 0,90 га жер тилкеси, № 577-контурундагы 0,40 га жалпы 23,8 га жер тилкелери айыл чарба жерлери келишимдин негизинде ижарага 1 (бир) жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОНУН» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 43-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 20-мартындагы № 58 тескемесин ишке ашыруу максатында Тамга, Тосор айылдарындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү” жазгы айдап-себүү өнөктүгүнүн убактысы өтүп бара жаткандыгына байланыштуу тооруктун конкурстук негизинде өткөрүлсүн жана конкурстук мөөнөт 5 (беш) жумушчу күндүк мөөнөткө белгиленип, арыздар кабыл алынсын.

4. Барскоон айыл аймагынын Тамга, Тосор айылдарындагы ижарага бериле турган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» тактоо, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына тапшырылсын.

Төрага: М.Ибаков
