Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк” мамлекеттик ишканасынын карамагында турган “Кызыл-Кыя жылуулук камсыздоо ишканасын” Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024 - жылдын 30 -апрели № 37/145
“Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк” мамлекеттик ишканасынын карамагында турган “Кызыл-Кыя жылуулук камсыздоо ишканасын” Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, маселе шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги №49 протоколу менен каралгандыгын жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 01-8/1100 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк” мамлекеттик ишканасынын карамагында турган “Кызыл-Кыя жылуулук камсыздоо ишканасын” Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. “Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк” мамлекеттик ишканасынын карамагында турган “Кызыл-Кыя жылуулук камсыздоо ишканасын” Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүдө тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Маткалыковго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Калматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.