# Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 04-апрелиндеги № 15 "Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ" токтому

- Полное наименование: Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 04-апрелиндеги № 15 "Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 04.04.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.04.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005646>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26350/edition/7541/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.04.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 04-апрелиндеги № 15 "Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ" токтому (ред. от 04.04.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005646

---

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз 4 - сессиясынын

2022-жылдын 4-апрелиндеги № 15

Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ Семеновка айыл аймагынын “Сүттүү Булак” СПАнын жетекчиси М.Д.Турдубековдун кайрылуусу боюнча талкуулап карап чыгып, Семенов айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына 2021-жылдын 10-декабрындагы №151 КР Суу кодексине СПАлар жөнүндө КР мыйзамындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Суу кодексинин 16.1 беренесинин негизине ылайык “Сүттүү Булак” СПАнын баардык ирригациялык тутумдары (лоток,канал,гешкалар) арыктар, суу чарба тосмолору, БСРлер Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлөп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын СПАнын жетекчиси М.Д.Турдубековго жана Семенов айыл аймагынын башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын Семенов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №1 туруктуу комиссиясынын жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге жүктɵлсүн.

4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Тɵрайым

А.С.Бараканова
