# Айры-Там айылдык кеңешинин 2024-жылынын 28-мартындагы №5/4 “Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Айры-Там айылдык кеңешинин 2024-жылынын 28-мартындагы №5/4 “Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/4
- Дата принятия: 28.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.03.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005636>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26345/edition/7529/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.03.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Айры-Там айылдык кеңешинин 2024-жылынын 28-мартындагы №5/4 “Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө” токтому (ред. от 28.03.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005636

---

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясынын

2024-жыл 28-марты №5/4

“Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, 2016-жылдын 16-майы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, 2002-жылдын 15-марты “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16- беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Пилоттук режимде айыл аймактарынындеңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомун, "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" 2024-жылдын 7-февралында №52 токтомун жетекчиликке алып, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышындагы кезексиз 2024-жылдагы V сессиясы токтом кылат:

1. Айры-Там айыл аймагындагы тиешелүү жайыттарды жайыт пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана калкты суугат суу менен жеткиликтүү камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүлсүн;

2. Муниципалдык ишкананын штаттык бирдиги 6 адамдан бекитилсин;

3. Муниципалдык ишкананын директору болуп, Мараимбеков Пайсбек Рысбекович дайындалсын;

4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

Айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кулуев
