Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Айры-Там айылдык кеңешинин “Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө” токтому
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2024-жыл 28-марты №5/4
“Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, 2016-жылдын 16-майы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, 2002-жылдын 15-марты “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16- беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Пилоттук режимде айыл аймактарынындеңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомун, "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" 2024-жылдын 7-февралында №52 токтомун жетекчиликке алып, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышындагы кезексиз 2024-жылдагы V сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагындагы тиешелүү жайыттарды жайыт пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана калкты суугат суу менен жеткиликтүү камсыздоо максатында муниципалдык ишкана түзүлсүн;
2. Муниципалдык ишкананын штаттык бирдиги 6 адамдан бекитилсин;
3. Муниципалдык ишкананын директору болуп, Мараимбеков Пайсбек Рысбекович дайындалсын;
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы:
М. Кулуев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2023 года № 735 "О порядке предоставления права управления и пользования государственными пастбищными угодьями органами местного…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Утратил силу