Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын документтер менен иштөөнүн» РЕГЛАМЕНТИ (Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомуна)
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2024 жылдын ____________№___________ токтому менен бекитилди
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын документтер менен иштөөнүн» РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын документтер менен иштөөнүн регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 22-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти жөнүндө” №571 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №59 тескемесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022-жыдын 26-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында документтер менен иштөнүн Регламентин бекитүү жөнүндө» №222 буйругунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жургузуу боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №207 токтомунун, документтик камсыз кылуунун негизги талаптарын жана документтер менен иштөөнүн тартибин белгилейт.
2. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө документтер менен иштөөнүн уюштурулушу жана абалы, тапшырмаларды өз убагында жана талаптагыдай аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле, документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мекемелер жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелери жана уюмдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине Сузак райондук мамлекеттик администрациясына, Көк-Жаңгак шаардык мэриясы аркылуу гана кайрылышат.
5. Ушул регламенттин талаптарын бузуу менен киргизилген документтер Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүм тарабынан кайтарылып берүүгө тийиш.
2. Документтер менен иштөөнүн тартиби
6. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына келип түшкөн корреспонденциялар: жашыруун эмес мүнөздөгү жана "Кызматгык пайдалануу үчүн" грифи бар кызматтык документтер (кирүүчү, чыгуучу, ички) иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмдө электрондук документ жүргүзүү системасы “Infodocs” (мындан ары - ЭДС) аркылуу милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.
"Кызматтык пайдалануу үчүн” грифи бар корреспонденция менен иштөө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 "Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген кызматгык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт. "Жашыруун" грифи менен корреспонденция Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүм тарабынан иштетилет. Колдонуу мүмкүндүгү чектелген грифи бар документтерди жүгүртүүдөн тышкары электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №526 “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик жашыруун сырларды камтыган маалыматтарды жана жетүү чектелген грифи бар башка документтерди электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы «ЭДМС» АМСке киргизүүгө жана иштеп чыгууга болбойт.
7. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы документтер Кыргыз Республикасынын Экмөтүнүн 2020-жылдын 3-маргындагы №120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Көк-Жаңгак шаардык мэриясында документтерди (кат бланкы, документтин айкын бир түрүнүн) басып чыгаруу жана тариздөө компьютерлерде белгиленген шаблондор боюнча редакторундагы төмөндгүдөй тууралоо параметлер -гарнитуранын шрифта
- Times New Roman (Times New Roman,Cyr) же Arial, жөнөкөй, өлчөмү 12-14. Таблицаларда Юго чейин кичирейтүүгө жол берилет (текст батпаган учурда); -сап аралык интервалы: А4 форматы үчүн
- бир интервал; А5 форматы үчүн 14 пт, таблицаларда 11 пт өлчөмүнө чейин кичирейтүүгө жол берилет (текст батпай калган учурда);
-абзацтын биринчи сабы 1.25 см чегинүү менен жазылат; -туурасынан түздөө сөздөрү ташымалдоосуз жасалат (таблицаларда туурасынан түздөө зарылдыгына жараша ташымалдоо менен); -беттердин номерлери төмөнкү колонтитулдун оң жак четине коюлат (биринчи бетке номер коюлбайт); -документ бланкта же бланктан башка кагазда таризделсе да, анын арбир барагынын төмөнкүдөй талаачалары болууга тийиш: сол жагынын - 30 мм, оң жагынан -15 мм өлчөмүнөн кем эмес,| жогорку жана төмөнкү талаачасынан - 20 мм өлчөмүнөн кем эмес; -документ аткарылгандан кийин, докумерттин сол жак четине аткаруучунун аты жөнү, байланыш номери жазылууга тийиш. Документке милдеттүү түрдө: датасы, чыгыш номери, тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө суроо-талапка берилген жоопто же отчётто (маалыматта) каттоо номерге шилтеме коюлууга тийиш.
8. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына келип түшкөн корреспонденциялар иш кагаздар бөлүмүндө белгиленген тартипте катталат.
9. Электрондук документтер ЭДСте түзүлөт, иштелип чыгат жана сакталат. Эсепке алуу бирдиги болуп ЭДСте катталган электрондук документ саналат.
10. Электрондук документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу, алдын ала кароо жана каттоо иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан ушул Типтүү нускамага ылайык жалпы негиздерде ишке ашырылат.
11 .ЭДС аркылуу мекемеге түшкөн электрондук автоматташтырылган режимде баштапкы иштеп түшкөн электрондук документтин реквизит Дерин: каттоо датасын, электрондук документти жиберген мекеменин аталышын, электрондук документтин кыскача мазмунун, электрондук документке кол койгон адамдып фамилиясын, инициалдарын, электрондук документке коюлган электрондук колтамганы текшерүүнү камтыйт.
12. Кагаз түрүндө түшкөн документтер сканерлөөчү түзүлүштү колдонуу менен сканерленүүгө тийиш жана PDF форматындагы кагаз документтин электрондук сүрөтү болуп кайра түзүлөт, андан кийин ЭДСке жүктөлөт.
13. Автоматташтырылган режимде электрондук документтин реквизиттерин жана бүтүндүгүн текшерүү аяктагандан кийин Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш кагаздары менен камсыздоо тузумдук бөлүмүнүн кызматкери жетекчилик тарабынан милдеттүү каралышын талап кылуучу жана түзүмдүк бөлүмдөргө жана жооптуу аткаруучуларга түздөн-түз жиберилүүчү документтерге бөлүштүрүү максатында түшкөн электрондук документти алдын ала карайт. Электрондук документтерди алдын ала кароо алар түшкөн күнү жүргүзүлөт. Электрондук документ иш убактысынан тышкары түшкөн учурда, кийинки иш күнү каралат.
14. Алдын ала кароонун жүрүшүндө Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмдүн кызматкери документтерди кароодон төмөнкү учурларда баш тартат:
- электрондук документ дареги боюнча түшпөгөндө;
- электрондук документке кол коюуга ыйгарым укуктуу болуп саналбаган адамдын электрондук колтамгасы менен электрондук документке кол коюлганда;
- документте көрсөтүлгөн тиркемелер жок болгондо; 15. Алдын ала кароону ийгиликтүү жүргүзгөндөн кийин Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш кагаздары бөлүмүнүн кызматкери түшкөн электрондук документти ЭДСте каттайт, андан кийин электрондук документке ЭДСте автоматташтырылган режимде кириш каттоо номери ыйгарылат. Электрондук документ кириш каттоо номери ыйгарылгандан кийки ЭДСте электрондук документтин кириш каттоо номерин, каттоо датасын, жөнөтүүчү (аткаруучу/аткаруучулар жана электрондук документке кол койгон адам) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен автоматташтырылган режимде карточка түзүлөт.
16. Көк-Жаңгак шаарынын мэри (мэр ), аппарат жетекчисинин (1мындан ары - аппарат жетекчи), атына келген документтер иш кагаздары бөлүмдө катталгандан кийин берилет.
Катталган электрондук документтер ЭДС аркылуу төмөнкүлөргө жиберилет:
- резолюция жазуу зарыл болгон учурда - Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башчысына же тейлөөчү орун басарына;
- жетекчинин резолюциясы жок аткаруу же кароо зарыл болгон учурда
- түзүмдүк бөлүмдүргө же жооптуу кызматкерге;
- резолюциянын долбоорун даярдоо зарыл болгон учурда
- түзүмдүк бөлүмдөргө же жооптуу кызматкерге.
17. Электрондук документти кароонун жыйынтыгы боюнча Көк-Жаңгак шаарынын мэри же тейлөөчү орун басары электрондук резолюцияны жазат, анда мекемеде электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адам аныкталат жана зарыл болгон учурда кош аткаруучулар, ошондой эле электрондук докумен аткаруунун мөнөтүү аныкталат. Электрондук документти аткаруунун мөөнөттү кагаз түрүндөгү документтерди аткаруунун мөөнөтүндө окшош белгиленет.
18. Аткарууну талап кылбаган маалыматтык-аналитикалык мүнөздөгү электрондук документтер түшкөндө аткаруу мөөнөтү белгиленбеши мүмкүн. Мында кызматкерлер ЭДСте документ менен таанышкандыгы жөнүндө белги коюшат.
19. Электрондук резолюция төмөнкүдөй реквизиттерден турат: электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары, кош аткаруучулардын фамилиясы, инициалдары, электрондук резолюциянын мазмуну, аткаруу мөөнөтү, резолюцияныи авторунун кызмат орду, фамилиясы, инициалдары жана электрондук колтамгасы.
20. Электрондук резолюцияга ылайык жыйынтыктоого жооптуу адам жана кош аткаруучулар катарында аныкталган кызматкерлерге электрондук документтер ЭДС аркылуу түшөт.
21. Электрондук документти жыйынтыктоого жооптуу адам же кош аткаруучу болуп Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери аныкталган учурда, зарылдыгына жараша ал электрондук документти аткарууга өзү жетектеген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерин кошот. Ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдү жетекчилери өздөрү жетектеген бөлүмдүн кызматкеринин бирине жыйынтыктоону тапшыра алышат.
22. Жыйынтыктоого жооптуу адам жана кош аткаруучулар электрондук документтин талаптагыдай аткарылышы үчүн бирге жооп беришет. Электрондук документти аткаруу жыйынтыктоого жооптуу адамдын жана кош аткаруучулардын зарыл маалыматты топтоосун жана иштеп чыгуусун, жыйынтыктоого жооптуу адамдын келип тушкен электрондук документке акыркы жоопту даярдоосун, аны тариздөөнү, макулдашууну, ЭДС аркылуу Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын мэри кол коюу үчүн жиберүүнү карайт.
23. Электрондук документти аткаруунун жүрүшүндө жыйынтыктоого жооптуу адам жана/же кош аткаруучу электрондук документке өздөрүнүн комментарийлерин кошо алышат.
24. Электрондук документтерди аткаруу мөөнөтүн узартуу жетекчинин көрсөтмөсү боюнча же ушул мөөнөтүү белгилеген авторлордун мекемелердин уруксаты менен жүргүзүлөт.
25. ЭДСте электрондук документтердин аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо жыйынтыктоо үчүн жооптуу адамга жана кош аткаруучуларга тиешелүү түстүү белги берүү аркылуу автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.
26. Түшкөн электрондук документке жооптун долбоору ЭДС аркылуу Көк-Жаңгак шаарынын мэри жана аппарат жетекчисине кол коюуга жиберүүнүн алдында жыйынтыктоого жооптуу адам тарабынан анын талаптарга ылайык түзүлгөндүгү жана таризделгендиги, ошондой эле зарыл тиркемелердин болушу текшерилет.
27. Түшкөн электрондук документке электрондук документти макулдашуу жана кол колтамга колдонулат.
28. ЭДСте издөө системасын түзүүнүн негизи болуп документтерди каттоо саналат
29. ЭДСте конкретүү документти издөө же материалдарды чогултуу документтердин түрдүү параметрлери боюнча, анын ичинен документтердин реквизиттери, турлөрү, маршруту, мазмуну, жиберүүчүлөр жана даректер, аткаруучулар жүргүзүлөт.
30. ЭДС ар башка мекемелердин ортосунда менен алмашуу мүмкүндүгүн берет. Мекемелер ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, каттарды, жарандардын арыздарын/кайрылууларын, аналитикалык документтерди бири-бирине жибере алышат.
31. Кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылган документтер уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмм тарабынан шаардын мэрге оперативдүү билдирет.
32. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө дарегине келген документтер кабыл алынбайт жана катталбайт.
33. Документтерди бир бөлүмдөн башкасына берүү мэрдин аппарат жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча уюштуруу иштери жана иш кагаздары бөлүм аркылуу ган ишке ашырылат.
34. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарга, кызмат адамдарына даректелген, кызматтык кат алышууга тиешелуу болгон, ошондой эле оперативдик, техникалык же уюштуруучулук-жол-жоболук мүнөздөгү документтер компетенциясына кирген болумдердун жетекчилери тарабынан кол коюлат.
35. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын кызматкери өргөгө, узактыгы 5 жумуш күндөн ашкан иш убакытка дарыланууда жүргөндө андагы документтер жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча аны алмаштырган кызматкерге кол койдуруу менен берилет.
36. Кызматкер бошотулганда же которулганда анда аткаруу үчүн болгон бардык документтер жаңы дайындалган кызматкерге, же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча башка кызматкерге милдеттуу турдө акт түзүү менен өткөрүлүп берилет.
37. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз, токтомдору жана башка актыларынын көчүрмөлөрүнүн райондук мамлекеттик органдарына, уюмдарына берүүгө катуу тыюу салынат.
38. Көк-Жаңгак шаарынын мэрине, аппарат жетекчисине даярдаган кызматтык каттар ушул Регламентте белгиленген тартипте иш кагаздары бөлүмүндө катталгандан кийин мэрге, аппарат жетекчисине берилет. Мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү мекеменин I ичинде бири-бири менен маалымат алмашуу максатында, Көк-Жаңгак шаарынын мэринин тапшырмаларын аткаруу боюнча жооп катарында ЭДСте кызматтык каттарды түзөт кана каттайт. Кызматтык каттарды түзүүдө жана каттоодо актылар, баяндамалар, рапорттор, маалыматтык мүнөздөгү таблицалар жана башкадар сыяктуу түрдүү тиркемелер даты тиркелиши мүмкүн. Электрондук формадагы кызматтык каттар ЭДСте автоматтык түрдө түзүлгөн бланкта таризделет. Кызматтык катка кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.
39. Мэрдин почтасы күн сайын түзүлөт. Түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан мэрге киргизилүүчү корреспонденция уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмү аркылуу жумуш күндөрү кун сайын берилет. Документте камтылган маселелердин маанилуулугун жана аларды кароонун шашылыштыгын эске алуу менен түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан өз алдынча мэрдин катчысы аркылуу берилет.
40. Мэрдин катышуусу менен өткөрүү пландалган жолугушуулар жана башка иш-чаралар үчүн даярдалган сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери мэрге тийиштүү түзүмдүкк бөлүмдөр тарабынан датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет. Суйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын, куттуктоолордун тексттери А4 форматындагы ак кагазга, 16 өлчөмдөгү Arial шрифта менен, бир жарым саптык интервал аркылуу таризделүүгө тийиш, анын сол жана оң тилкелери 3 см, жогорку жана теменку тилкелери 2 см болушу керек. 41. ЭДСте төмөнкүдөй чыгыш электрондук документтер катталууга тийиш:
- келип түшкөн электрондук докуметтерге жооп катары даярдалган документтер;
- мекеменин түзүмдүкк бөлүмдөрдүн, Көк-Жаңгак шаарынын мэринин демилгеси боюнча даярдалган документтер (демилгеленген). Мекеменин тууралоосуна жараша кол коюлган электрондук жооп дарек ээсине төмөндөгүдөй жиберилиши мүмкүн: - Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш кагаздары менен камсыздоо бөлүм тарабынан жиберүүнү ырастабастан;
- Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш кагаздары менен камсыздоо тузумдук бөлүм тарабынан жиберууну ырастагандан кийин. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмдүн электрондук докуметти жиберүүсүн ырастоо зарылдыгы болгондо документтин талаптарга ылайык таризделгени текшерилет: документтин форматы туура экени, электрондук колтамганын шайкештиги, белгиленген тиркемелердин болушу, даректердин туура көрсөтүлгөнү. Дал келбестиктер табылган учурда иш кагаздарын жүргүзүү кызматы документти жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Автоматташтырылган режимде кол коюлган докуметке чыгыш каттоо номери ыйгарылат жана кечиктирилбестен дарек ээсине жиберилет. Электрондук документ дарек ээсине түшкөн учурда жиберүүчү жеткирилгендиги жөнүндө электрондук белгини алат. Ушул учурдап тартып электрондук документ дарек ээси тарабынан алынды деп эсептелинет. Чыгыш кат-кабарлар жеткире иштелип чыгылып жана алар кол коюлган күнү же кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен, шашылыш документтер - токтоосуз жөнөтүлөт. Чыгыш кат-кабарларды каттоо жана жеткирүү уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүм тарабынан жүргүзүлөт. Жогорку органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мекеме-ишканаларга жиберилүүчү чыгыш кат-кабарлар почталык, фельдегердик жана атайын байланыш менен жиберилет. Документтер даректелүүчүгө жеткирилгенде алуучунун аты-жөнүн, датасын жана убактысын көрсөтүү менен таратуу китебине (реестр) кол койдурулуп берилет.
42. Иштердин номенклатурасы белгиленген формада уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүм тарабынан түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт, Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви менен макулдашылат, мэр тарабынан бекитилет. Зарылдыкка жараша иштердин номенклатурасы жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн индекстери толук же жарым-жартылай өзгөрүшү мүмкүн. Аткарылган электрондук документтер көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык көктөмөлөргө системалаштырылат. Көктөмөлөрдүн номенклатурысын түзүүдө көктөмө электрондук түрдө жүргүзүлөөрү көрсөтүлөт. Мекеменин түзүмүндө мекеменин архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтуу менен иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүм штаттык санынын чегинде каралат.
43. Электрондук документтер алар аткарылгандан кийин кагаз түрүндөгү ушундай документтер үчүн архив ищи чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ведомстволук сактоо мөөнөтүнөн чегинен ашпаган мезгил аралыгында ЭДСте ведомстволук сакталууга тийиш.
44. Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер (10 жылга чейин) тийиштүү электрондук документтерде түзүлгөн электрондук колтамгалардын бир убакта сакталышын камсыздоо менен алар түзүлгөн жиберилген же алынган форматта сакталат. 45. 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтүндөгү, анын ичинде туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү бардык электрондук документтер электрондук документтерди архивдик сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн Portable Document Format (PDF/А 1, PDF/A2, PDF/АЗ, PDF/A4) форматында түзүлүүгө тийиш.
46. Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер милдетүү түрдө кагаз түрүндө кайталанат. Электрондук документтин жиберүүчүсү | электрондук формадагы документтин кагаз түрүндөгү документке шайкентигине жооптуу.
47. Электрондук документтердин сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин аларды жок кылууга бөлүү жөнүндө мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген актынын негизинде аталган электрондук көктөмөлөр (электрондук документтер) сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен башкаруу документтеринин тизмегине ылайык автоматташтырылган режимде жок кылынууга тийиш. 48. ЭДСте түзүлгөн электрондук документтердин туп нускасынын ведомстводо сактоо мезгилинде сакталышына жана камсыздалышына жоопкерчиликти электрондук документ жүгүртүү системасын ээси тартат.
3. Сузак райондук: мамлекеттик администрациясынын тескоо документтерин даярдоонун, тариздеенун жана таратуунун тартиби
49. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын буйруктары жана токтомдору уюштуруу-тескее мүнөздөгү чечимдер, ошондой эле Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын ишинин оперативдик, уюштуруучулук, кадрдык жана башка маселелерди тариздейт.
50. Мэрдин буйруктарынын жана токтомдорунун долбоорлору каралуучу маселеге жараша тийиштүү бөлүмдөрдө мамлекеттик тилде, зарыл учурда расмий - тилинде даярдалат. Тескее документтердин долбоорлорун сапаттуу даярдалышы жана алардын кызыктар тараптар менен макулдашууну камсыздоо долбоорду даярдаган жана киргизген аппарат жетекчиге жүктөлөт.
51. Буйруктардын жана токтомдордун аталыштары кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек. Аталыштын аягына чекит коюлбайт. Буйруктун жана токтомдун тексти эк (преамбула) жана тескөөчү бөлүктөрдүн турушу мүмкүн.
Негиздөөчү бөлүктө тескөө документти чыгаруу үчүн негиз болгон максат жана милдеттер, фактылар жана окуялар кыскача баяндалат. Ал "максатында", "аткаруу үчүн" деген сөздөр менен улануусу мүмкүн. Тескөөчү бөлүк негиздөөчү бөлүктөн (преамбуладан) эки сап интервалга бөлүнөт. Ал ар бир иш-аракеттин аткаруучусун жана аткаруу мөөнөтүн керсөтүү менен көрсөтмө берилген иш-аракеттердин тизмесин камтууга тийиш. Тескеме бөлүгү араб сандары менен номерленген пункттарга жана пунктчаларга бөлүнүшү мүмкүн.
52. Тескее документтердин долбоорлорун мэрге кол коюуга уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен бөлүм киргизет.
53. Кол коюуга даярдалган буйруктардын жана токтомдордун долбоорлору кийинки тартипте төмөнкүлөр менен макулдашат:
- кызыктар түзүмдүк бөлүмдөр;
- мэрдин орун басарлары менен милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша;
- аппарат жетекчиси менен Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2020- жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун талаптарын сактоону камсыздоо үчүн; Макулдашуу жетекчинин «кол тамга» реквизитинен кийин же барактын арт жагындагы бетинде жайгаштырылат. Зарыл болгон учурда кызыкдар мекемелер, айрым кызмат адамдары менен макулдашылат. Макулдашууну тариздео макулдашуу грифи менен же макулдашуу барагы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
54. Буйрук жана токтомго кол коюлгандан кийин, иш кагаздары бөлүмдө катталат жана документти таратуунун көрсөтмөсүнө ылайык бир күндүк мөөнөттө таратылат.
55. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын буйруктары катар номерлер менен «б» деген тамга белги коюлуп календардык жыл чегинде номерленет, мисалы: 1-6; өздүк курам боюнча буйруктар өз-өзүнчө катар номерлер менен «к» деген тамга белги коюлуп номерленет, мисалы: 1- к; коллегиянын чечимдери катар номерлер менен «кч» деген тамга белги коюлуп номерленет, мисалы: 1-кч; Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын алдындагы укук координациялык кеңешинин чечимдери катар номерлер менен «ч» деген тамга белги коюлуп номерленет, мисалы: 1-ч; токтомдор катар номерлер менен номерленет, мисалы: 1-Т.
56. Таратуунун көрсөтмөсү тескөө документти даярдаган аткаруучу тарабынан даярдалат. Документтин нускасы уюштуруу иш кагаздары бөлүмдүн мөөрү менен тастыкталат.
57. Тескөө документтин түп нускасы иш кагаздары бөлүмүндө сакталат.
58. Буйруктар да жана токтомдордо камтылган тапшырмалар аткаруучуларга аларга тескөө документтерин кагаз жузундогу кочурмосун же электрондук почта аркылуу сканерленген түрдө жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
59. Башка мекемелер менен биргелешкен буйруктар А4 форматындагы стандарттуу барактарда басылат. Биргелешкен буйруктарды тариздөө:
- мекемелердин аталыштары бирдей денгээлде жайгаштырылат;
- биргелешкен буйруктардын датасы кийинки коюлган датага шайкештелген бирдиктуу дата;
- эки жана андан ашык мекемелер менен даярдалган документтин каттоо номери документтердин авторлорун керсөтүү тартибинде жантык сызык аркылуу ажыратылып, мекемелердин ар биринин документтеринин каттоо номерлеринен турат;
- мекемелердин жетекчилеринин колдору (кол тамгалары) тексттин төмөн жагында бир децгээлде жайгаштырылат.
60. Ички тартип: өргүү, өргүүмө берүү (кайра чакыруу), кызматтык иш сапарына жиберүү, техникалык тейлөө персоналын жана кенже тейлөө персоналын жумушка алуу жана бошотуу маселелери боюнча аппарат жетекчисинин буйруктары чыгарылат. Буйруктарды даярдоо, аларды каттоо, эсепке алуу, жиберүү жана сактоо уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмгө жүктөлө.
4. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин, анын орун басарлары жана аппарат жетекчисинин өткөрүүчү отурумдардын жана кенешмелердин протоколдорун даярдоо
61. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын коллегиясынын отурумунун жана аппараттык кеңешмелеринин протоколдорун иш кагаздары бөлүм тариздейт.
62. Оперативдүү маселелерди кароо боюнча мэрдин, анын орун басарлары жана аппарат жетекчи өткөрүүчү кеңешмелердин, ошондой Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын алдындагы комиссиялардын (кеңештердин) жыйындарынын протоколдору тийиштуу бөлүмдөр тарабынан даярдалып, редакцияланып, уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүм аркылуу аткаруучуларга жиберилет.
63. Протоколго кеңешмени, жыйынды өткөргөн адам жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгондон кийин кол коёт. Протоколдор уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмдө катталат, мында кеңешменин өткөрүүнүн датасы, катар номери (аткаруучу бөлүмдүн индексине жараша) көрсөтүлөт жана аткаруучу тарабынан берилген таратуу баракчасына ылайк таркатылат. Протоколдун кол коюлган нускасы жана ага тиешелүү материалдар уюштуруу иштери жана иш кагаздары сакталат
5. Документ жүргүзүүнү уюштуруу
64. Көк-Жаңгак шаардык мэриясында документтердин келген же даярдалган учурунан тартып алардын аткарылып, жөнөтүлүп жана көктөөгө жиберилгенге чейинки кыймылы документ жүгүртүүнү түзөт. Документтердин жүргүзүлүшү ыкчам жана максаттуу жөнгө салынууга тийиш. Автоматташтырылган маалыматтык технологияларды пайдаланууда документтерди жүгүртүүнү схемасына компьютердин каражаттардын жана көмөкчү техникалардын жардамы менен аларды иштеп чыгууга бардык пункттары киргизилүүгө тийиш.
65. Документтерди мекемелерге жеткирүү колмо-кол, почта, фельдъегердик кызмат же электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДС (Infodocs)) аркылуу жүзөөгө ашырылат. Почта жана фельдъегердик байланыштын жардамы менен кат-кабарлары жөнөкөй жана катталуучу каттар, пакеттер жеткирилет. Электрондук байланыш каналдары боюнча: факсограммалар, телефонограммалар жана электрондук документтер жөнөтүлөт.
66. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын келип түшкөн кагаз түрүндөгү документтерди иштетүү: аларды кабыл алууну, алгачкы иштелип чыгышын, катталышын, алдын ала каралышын, жетекчинин кароосунан өтүүсүн жана резолюция коюлуп аткаруучуларга жиберилүүсүн камтыйт. Ал эми, электрондук түрдөгү документтер ущундай эле тартипте кабыл алынат, катталат, алдын ала кароодон өткөрүлөт, жетекчилик тарабынан каралат жана аткаруучуларга жөнөтүлөт.
Электрондук түрдөгү документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү, бөлүштүрүлгөн милдеттердин негизинде, ошондой эле колдонуудагы техникалык жана программалык каражаттарды эске алуу менен иш кагаздарын жүргүзүү нускамага ылайык аныкталат.
67. Документтерди Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын ичинде өткөрүп берүү; - тескөөчү документтердин долбоорлору кызыктар бөлүмдөр жана кызмат адамдары менен макулдашылгандан иш кагаздары бөлүмгө берилет, иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмү документтердин таризделишинин тууралыгын көзөмөлдөөнү жүзөөгө ашырат.
68. Аткаруучулардын документтерди аткаруу багытында иштөөсү: зарыл маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгууну, документтин долбоорун даярдоону, аны тариздөөнү, макулдашууну, жетекчинин кол коюусуна (бекитүүсүнө) жиберүүнү жана адресатка жөнөтүү даярдыктарын камтыйт;
- Аткаруучу документтин нускаларынын зарыл санын аныктайт;
-Төрттөн ашуун дарекке таратылуучу докуодентке аткаруучу таратуу көрсөтмөсүн даярдайт.
6. Аткарууну контролдоо боюнча негизги жоболор
69. Документтердин аткарылышын контролдоону уюштуруу алардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоого тийиш.
70. Эң маанилүү кириш, чыгыш жана белгилүү бир чечимдерди кабыл алууну, аткарууну жана аларга жооп түзүүнү талап кылган ички документтердин аткарылышы контролдоого алынууга тийиш.
71. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен келген документтер милдеттүү түрдө контролдоого алынат.
72. Мэрдин маанилүү буйруктары, токтомдору жана тапшырмалары да милдетүү түрдө контролдоого алынат.
73. Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгерде аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, тапшырмага кол коюлган дата эсептелинет.
74. “Өтө шашылыш”, “шашылыш”, “ыкчам. документтер тиешелүү турдө эки, үч жана он |жумушчу күндүн ичинде аткарылууга тийиш.
Эгерде тапшырманын өзүндө же жетекчинин резолюциясында аткаруунун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө, министрликтерден, комитеттерден, административдик ведомстволордон, мекемелерден, башка юридикалык жактардан келген кириш документтер 14 жумуш күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Эгерде объективдүү себептер боюнча тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарууга мүмкн болбогон учурда, Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жетекчилерине себептерин жанапландалган аткаруу датасын көрсөтүү менен мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш киргизет. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир айга чейин узартылышы мумкун.
75. Документтин аткаруу мөөнөтүн узартуу белгиленген мөөнөтү өткөнгө чейин жүргүзүлөт. (КРӨнүн 03.03.2020-ж. №120 токтому 3-§ 48 пунктуна ылайык).
Тапшырмалардын аткаруу мөөнөттөрүн узартуу жетекчинин көрсөтмөсү боюнча же белгиленген органдардын авторлордун уруксаты менен жүргүзүлөт. Шашылыш тапшырмалардын аткаруу мөөнөтү узартылбайт. 76 Жетекчинин резолюциясында эки же андан көп бөлүмдөр көрсөтүлгөн учурда биринчи бөлүм негизги аткаруучу болот жана ага ишти координациялоо, резолюцияда көрсөтүлгөн башка бөлүмдөргө тапшырма берүү жана маалымат суроо укугу берилет. 77. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары, эгерде актыларда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө бир айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш. Мэрдин буйрук жана токромдорунда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, алар бир айлык мөөнөттө аткарылууга тиииш. Депутаттардын суроо талаптары катталган күндөн баштап бир айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
78. Документ, эгер ал боюнча чечим чыгарылса, зарыл болгон маалымат берилсе, даректелүүчүгө жооп берилсе же аткаруучу бөлүмдөрдүн контролдон алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюция менен аткарылгандыгы жөнүндө маалымкаты даярдалса (маалымкатка тийиштүү орун басарлар жана аппарат жетекчиси гана кол коюуга зарыл) аткарылды деп эсептелинет жана контролдон алынат.
79. Документти контролдоого койгон кцзмат адамы гана аны контролдоодон чыгара алат.
80. Аткарылган документ (түп нуска) бардык баштапкы топтолгон материалдары, контролдон алып салуу жөнүндө резолюциясы менен же «Ишке» деген белги менен уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен өткөрүлүп берилет.
81. иш кагаздары бөлүм ай сайын жогору турган органдардын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
82. Жума сайын контролдоого алынган жакындап калгандыгы жөнүндө кат жүзүндө эскертмелерди аппараттын жетекчиге берет. актыларын жана аппараттык жыйынга документтердин мөөнөтү
7. Жарандардын кайрылууларын эсепке алуунун (каттоонун), кароонун жана аткарылышын контроддоонун тартиби
83. Жарандардын жеке жана жамааттык кайрылуулары (мындан ары - жарандардын кайрылуулары) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
84. Жарандардын жазуу жүзүндө келип түшкөн кайрылуулары, электрондук билдирүү түрүндө келип түшкөн же оозеки жеке кайрылуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун натыйжалары иш кагаздары бөлүмдө электрондук документттерди жүгүртүү системасына (мындан ары - ЭДС (Infodocs)) киргизилет.
85. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууга милдеттүү түрдө анын алуучусу же кызмат адамынын аты жөнү же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле арыз ээсинин аты жөнү, байланыш телефону (уюлдук же жумушчу), жашаган дареги, кайрылуунун маңызы камтылууга тийиш.
86. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болушу керек. Зарыл болгон
учурда аларга жарандын жүйөлөрүнүн ырастаган документтер тиркелет.
87. Кайрылуунун биринчи барагын төмөнкү оң жагынан 3.0 калтыруу менен каттоо штампы коюлат, анда кайрылуунун катталган күнү көрсөтүлөт. Коюлган каттоо номери бир эле учурда кириш
жана чыгыш номер болуп эсептелет.
88. Каттоо номери тамга индексинен номеринен турат.
Жеке кайрылууларда автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы; К-45; жамааттык (эки же андан көп автордун колу коюлган) кайрылууларга «Жм» деген тамга белги коюлат, миссалы: Жм-45; жеке кабыл алууну суранган кайрылууларга «ЖК» деген тамга белги коюлат жана бөлүктөн кийин автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: Ж/А-45. Жарандардын кайрылуулары Көк-Жаңгак шаардык мэриясына келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш, кундун ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Эгерде кайрылууда коюлган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын же кызмат адамдардын компетенциясына тийиштүү болсо, кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдарга, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же тиешелүү кызмат адамдарына жиберилет.
89. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрү, анын ичинде сканерленген көчүрмөлөрдү, электрондук документтерди, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана видео материалдар) жайгаштырылган
Интернет тармагындагы даректерди тиркөөгө жол берилет.
90. Аты жөнү, жооп жиберилүүчү почталык дареги керсөтүлбөгөн жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары анонимдүү деп таанылат жана каралууга жатпайт.
91. Эгерде кайрылуунун тексти окулбай турган болсо, кайрылуунун мацызын жана жүйөлөрүн билүү, тактоо үчүн арыз ээси (эгерде арыз ээсинин аты жөнү жана почталык дареги окула турган болсо) чакыртылат. Эгерде арыз ээси менен байланышуу мүмкүн болбосо, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
92. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-белугунун 7-пунктуна ылайык ал боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат, буга жарандардын укуктары, эркиндиктери жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтар кайрылууда камтылган учурлар кирбейт.
93. Автор бир жылдын ичинде бир эле маселени козгогон кайталап берилген кайрылууга биринчи жолу берилген кайрылуунун каттоо номери коюлат, ал эми каттоо карточкасына "кайталоо" деген белги; эгерде кайрылуу үч жана андан көп жолу келсе - "көп жолу" деген белги коюлат. Кайталанган кайрылуулардын мазмунун кароо ошол эле автордун мурда келип тушкөн кайрылуусу боюнча кабыл алынган чараларды жана ага берилген жооптор менен түшүндүрмөлөрдүн маңызын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кайрадан кайрылуу келип түшкөн учурда ага мурдагы кайрылууларда каралган материалдар тиркелет.
Жаны далилдер же жаныдан ачылган жагдайлар келтирилбеген, текшерүүлөрдүн жеткире иштетилген материалдары бар жана жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген жарандардын кайрадан берилген кайрылуулары каралууга жатпайт, бул тууралуу кайрылуулардын авторлоруна маалымдалат.
94. Жарандардын кайрылууларын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына кароого жиберилүүгө тыюу салынат.
95. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга жана катталган күндөн баштап 14 жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш.
96. Кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну кароо мөөнөттөрү арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) кабарлоо менен узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөнн ашпайт. Бул жөнүндө чечим резолюциянын автору же аны алмаштырган адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет.
97. Жарандардын кайрылууларында коюлган маселелер чечилгенде жана ал жөнүндө арыз ээсине билдирилгенде, кайрылууну кароо аяктады деп эсептелет.
98. Кайрылууну кароо бир нече түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырылган учурларда, координациялоону резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөөгө ашырат. Кароонун жыйынтыгы жөнүндө малымкат да ал тарабынан даярдалат, ага бардык тен аткаруучулар кол коёт.
99. Зарыл болгон учурда жарандардын арыз даттанууларын кароо максатында Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын буйругу менен комиссия/жумушчу топтор түзүлөт.
100. Соттун чечимдерине даттанган жарандардын кайрылууларына ошол соттун чечимине даттануу тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
101. Эгерде коюлган маселелерге оозеки же жазуу жүзүндөгү жооп берилген болсо, кайрылуулар каралды деп эсептелет.
102. Кайрылуу резолюциянын автору тарабынан контролдон алынат.
103. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- кайрылууну толук же жарым жартылай канааттандыруу жөнүндө;
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
- коюлган маселелерди чечүү жана табылган бузууларды четтетүү боюнча чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө.
104. Кайрылуунун авторлору түп нуска докум кайра талап кылууга укуктуу, буга кайрылуунун өз кирбейт.
105. Жарандардын каралган кайрылуулары бардык материалдары менен бирге уюштуруу иштери жана иш кагаздары кайтарылып берилүүгө тийиш.
106. Жарандарды кабыл алуу мэр, аппарат жетекчиси тарабынан мэр бекиткен графикке ыладык жүргүзүлөт.
Жарандарды кабыл алууга жазуу жана иш кагаздары бөлүм тарабынан камсыз кылынат.
107. Эгерде жаран тарабынан коюлган маселелер Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын компетенциясына кирбесе, ага тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби түшүндүрүлүп берилет.
108. Эгерде жарандарды кабыл алууда коюлган маселелерди чечүү мүмкүн болбосо, жазуу жүзүндөгү кайрылуу кабыл алынат, ал каттоодон кийин тийиштүү мамлекеттик органдарга кароого жөнөтүлөт.
Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө, эгерде кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жаранга мурда жооп берилген болсо, кайрылууну мындан ары кароодон баш тартылышы мүмкүнн.
109. Жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдоо жана жалпылоо уштуруу иштери жана иш кагаздары бөлүм тарабынан жүзөөгө ашырылат, уюштуруу иштери жана иш кагаздары мезгил-мезгили менен мэрге кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө маалымдайт.
110. Календардык жыл аяктаганда кайрылуларды текшерүүлөрдүн бардык материалдары көктөмө болуп түзүлөт жана архивде сакталат, андан кийин Жалал-Абад облусутук мамлекеттик номенклатурасына ылайык өткөрүлүп берилет.
Аппарат жетекчиси:
Ж.Ашимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2020 года № 120 "О Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике"Постановление · 03.03.2020 · № 120
- Положение об автоматизированной информационной системе "Государственная система электронного документооборота" (к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 30 октября…Положение · 30.10.2020 · № 526
- Постановление Правительства КР от 7 мая 2013 года № 255 "Об утверждении Положения о порядке работы с документами, содержащими информацию для служебного пользования"Постановление · 07.05.2013 · № 255