Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Балыкчы шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясынын «Балыкчы шаардык Кенешинин Уставы жөнүндө « токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXV СЕССИЯСЫ 2024-жылдын 18-мартындагы № 3
Балыкчы шаардык Кенешинин Уставы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 7-февраль 2024-жылдын ПЖ №24 Жарлыгынын 1 пунктуна жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши жөнүндө” убактылуу жобосунун 2-главасынын 9 пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин № 01-25/77 06.03.2024-ж. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн типтүү жобосунун №3 тиркемесинин негизинде Балыкчы шаардык кенештин депутаттык жумушчу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы т о к т о м к ы л а т :
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Жарлыгынын негизинде Балыкчы шаардык Кеңешинин Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана кайра каттоодон өткөрүүгө сунуш берилсин.
Юридикалык дареги. Кыргыз Республикасы Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, № 252
Балыкчы шаардык кенешинин 21.10. 2010-жылдагы XXV чакырылышынын IX сессиясынын Балыкчы шаардык Кеңешинин Уставын бекитүү жөнүндөгү кабыл алынган № 6 токтомунун күчү жоготту деп табылсын. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актысы Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялангандан тартып күчүнө киргизилсин. Токтомдун аткарылышы Балыкчы шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков
Балыкчы шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын чакырылган XXV сессиясынын № 3 токтомуна №1 тиркеме Балыкчы шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарына “Көк-Мойнок” айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттары кошулуп биргелешкендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 7-февраль 2024-жылдын ПЖ №24 Жарлыгына ылайык “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши жөнүндө убактылуу жобосуна ылайык Балыкчы шаардык Кенешинин У С Т А В Ы
1-глава Жалпы жоболор
1. Ушул Устав пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болгон Балыкчы шаардык Кенешинин ишин жөнгө салат.
2. Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Шаардык кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шаардык Кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул жогорудагы аталган жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин (мындан ары – шаардык Кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган шаардагы кошулган аймактын депутаттарын кошкондо 42 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
3.Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
4.Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
Шаардык кеңештин расмий аталышы: -мамлекеттик тилде - “Балыкчы шаардык Кенеши” ; -расмий тилде - “Балыкчинский городской кенеш”. Юридикалык дареги. Кыргыз Республикасы Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, № 252
2-глава. Жергиликтүү шардык кеңештин жана депутаттардын статусу
3. Балыкчы шаарынын курамына «Көк Мойнок» айыл аймагынын кошулушунда айылдык кенештин ыйгарым укуктары токтотулат, шаардык Кенештин статусу өзгөрбөйт.
- Шаардык кенеш анан курамына кирген айылдык кенештин укук улантуучусу болуп калат.
- Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде төмөнкү учурларды кошпогондо курамына айыл аймактары жана калктуу конуштар кошулган Балыкчы шаардык Кенешинин төрагасын кайра шайлоого тыюу салынат:
1) жеке арызы боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, жарандыгын жоготуу, башка жарандыкты алуу;
3)депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндө;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгуу, жарандыгын жоготуу, башка жарандыгы болгон фактынын аныктоо же болбосо башка жарандыкты алуу;
3)депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндө;
4) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;
5)депутатты сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таануу, ошондой эле аны өлдү деп жарыялоо;
6) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;
7) депутаттын өлүмү.
4. айыл аймактарын бириктирүүдө бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кенештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
5 Жергиликтүү кенештин депутаттары мурда тиешелүү жергиликтүү кенештердин депутаттары болгон айылдык аймак, калктуу конуш бириккен же курамына кошулган айыл аймагынын же шаардын кеңешинин курамында өз ишин улантат. Мында алардын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат. 6 Жергиликтүү Кеңештер юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинет аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик катоодон кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
3-глава. Жергиликтүү шаардык кенештин кошумча милдеттери
7. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесиндегт 17 пунктан турган маселелелди жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары жергиликтүү кенештин кошумча милдеттерине пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен байланышкан төмөнкү маселелер кирет.
1) жергиликтүү кенештин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү
(өзгөртүүлөрдү киргизүү);
2) жергиликтүү кенештердин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/ кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;
3) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруусунун ( үй, көчө, кварталдык комитеттер,) коомдоштуктардын ( жамааттардын) ишин уюштуруу;
4) жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдардын ( аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору,, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары ж.б) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 « Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилрттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгы менен шаарлардын мэрияларына пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде бюджетти бекитүү,коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтери жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн төлөмдөрдү белгилөө боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгендиги белгиленсин.
4-глава. Жергиликтүү кенештин сессиясы
8. Балыкчы шаардык кеңештин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кенештин регламенти менен аныкталат.
- Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Эгерде ушул жана башка мыйзамда башкасы каралбаса, жергиликтүү кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
- Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
- Шаардык Кенештин статусу өзгөрбөгөндугүнө байланыштуу шаардык кенештин төрагасын шайлоо боюнча сессия өткөрүлбөйт.
5 глава. Жергиликтүү кенештин төрагасы
9. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө» кыргыз республикасынынимыйзамынын 40-беренесинин 5.6-бөлуктөрүнө ылайык калкынын саны 20 001 адамдан кем эмес жергиликтүү кенештин төрагасы акы төлөө негизинде иштейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
1) Жергиликтүү кенештин сессияларын чакырат;
2) сессияларда төрагалык кылат;
3) жергиликтүү кенештин чечимдерине кол коет;
4) депутаттардын шайлоочулардын алдында отчётторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү кенештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
6) мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин турүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында өз ара аракеттенет.
7) кенеш тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттердли аткарат.
6 глава. Жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары
10. Жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын милдетин аткарат .
11. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кенешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары
7.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн шаардык Кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
7.2. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө шаардык Кеңештин токтому менен түзүлөт.
7.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы шаардык Кеңештин депутаттарынын санынан: 5 кем болбоого жана 7 көп болбоого тийиш.
7.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн шаардык Кеңештин депутаттары шайлашат.
7.6. ШаардыкКеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
7.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
7.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагаларышаардык Кеңештин сессияларында бекитилет.
7.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.10. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык Кеңешке отчет беришет.
7.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
8-глава. Балыкчы шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды шаардык Кеңештин кароосуна киргизет;
-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат; -шаардыкКеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды Кеңешке сунуш кылат;
- шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
- өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
- шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
- каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту шаардык Кеңештин төрагасына киргизет;
- башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
- Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
9- глава Туруктуу комиссиялардын укуктары:
- өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин шаардык органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынынаппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаардык Кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
9.1. ШаардыкКеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
10-глава. Жергиликтүү шаардык кенештин жооптуу катчысы
1) жергиликтүү шаардык кеңещтин туруктуу комиссияларынын сессияларынын материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
2) жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгат, бекитилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;
3) депутаттарга жергиликтүү кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө кабарлайт;
4) жергиликтүү кеңештерин сессияларын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;
5) туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын документтерин кошкондо, жергиликтүү кеңештин документтерин сактоону, системалаштыруу жана талаптагыдай абалын камсыз кылууну уюштурат;
6) убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
7) жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт жана (кызматкер алынса координациялайт) жарандардан келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар менен ишти уюштурат;
8) жергиликтүү кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча иш жүргүзөт;
9) жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
Жооптуу катчысы Ө.А. Рахманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.