# Жошолу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-майындагы № 24/3 "Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жошолу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-майындагы № 24/3 "Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24/3
- Дата принятия: 11.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005282>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26141/edition/7097/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жошолу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-майындагы № 24/3 "Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому (ред. от 11.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005282

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2023-жылдын 11-майы № 24/3 Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчөсүнө ат коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагыы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын боюнча 1998-жылдын 05-мартындагы № 108-токтомунун негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын көчөсүнө ат коюу боюнча элдик жыйындын негизинде Жошолу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын элдик жыйынынын протоколу жактырылсын.

2. Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчө Бердибаев Бактыбек Манапович атындагы көчө болуп аталсын.

3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу

жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна тапшырылсын.

Төрага:

А.Танаев.
