Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Первомайский айылдык кеңешинин «Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө» токтому
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 26-сентябры № 7/30 Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Перзидентинин 2023-жылдын 29-августу ПЖ №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы жанаЭлдик Курултайды ѳткөрүү жана шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечиминин негизинде, айылдык кеңештин төрайымы Кочкорова Зимират Маданбековнанын маалыматын угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Сокулук районунун Первомайское айылынын маданият үйүндѳ Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын (мындан ары-өкүлчүлүктүү жыйын) чакырылсын.
2. Первомайский айыл аймак боюнча калктын санына жараша (3252 калк) өкүлчүлүктүү жыйынга 40 делегат шайланат.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Первомайский айыл аймагынын жамааттар бѳлүктѳргѳ бѳлүнүү, жыйналыштарды өткөрүү графиги жана Первомайский айылдык кенештин жооптуу депуттары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча жумушчу топтун(мындан ары – Жумушчу топ) курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Перзидентинин 2023-жылдын 29-августу ПЖ №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде бекитилген 2-тиркемеде бекитилген убактылуу жобонун 8 беренесинин негизинде иш аткарсын.
6. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштери Первомайский айыл ѳкмѳтү жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрайым
З.М. Кочкорова
Тиркеме 1 Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 7/30 токтому менен бекитилди
Первомайский айыл аймагынын жамааттарынын бѳлүктѳргѳ бѳлүнүшү, жыйналыштарды өткөрүү графиги жана жооптуу депуттары
№
Бөлүктөр, өкүлдөрдүн саны
Өткөрүү графиги
Жооптуу депутаттар
Первомайский айылы – 26 өкүл
1
Береговая 1 – 2 адам (Береговая кѳчѳсүнүн жуп жагы №2 - №44 үйгѳ чейин, так жагы №1-№51 үйгѳ чейин.)
16-октябрь 2023-жыл
Саийдов Азиз Алиевич
2
Береговая 2 – 2адам (Береговая кѳчѳсүнүн жуп жагы №46 - №76 үйгѳ чейин, так жагы №53-№75 ү. чейин. )
17-октябрь 2023-жыл
Насирова Гулипа Абдыкадыровна
3
Береговая 3 – 2 адам (Береговая кѳчѳсүнүн жуп жагы №78 - №86 үйгѳ чейин, так жагы №79-№139 ү. чейин.)
18-октябрь 2023-жыл
Насирова Гулипа Абдыкадыровна
4
Ленина 1 – 2адам (Ленина кѳчѳсүнүн жуп жагы №2 - №36 ү. чейин, так жагы №1-№11а,17а ү. чейин.)
19-октябрь 2023-жыл
Барко Александр Андреевич
5
Ленина 2 -2 адам (Ленина кѳчѳсүнүн жуп жагы №38 - №52 ү. ч., так жагы №13,15,17,19-№39 ү.чейин.)
20-октябрь 2023-жыл
Барко Александр Андреевич
6
Ленина 3 – 2адам (Ленина кѳчѳсүнүн жуп жагы №54 - №90 үйгѳ чейин, так жагы №41-№71 ү. чейин.)
21-октябрь 2023-жыл
Кочкорова Зимират Маданбековна
7
Калинина – 2адам
16-октябрь 2023-жыл
Насиров Эльман Мислимович
8
Спортивная 1 – 2адам
17-октябрь 2023-жыл
Курбанова Сахаб Мамедовна
9
Спортивная 2 – 2адам
17-октябрь 2023-жыл
Курбанова Сахаб Мамедовна
10
Чмыря 1 -2адам (Чмыря кв 1а, 1б, №12, 14, №17,19,21,23,25,27,29 уйлѳр)
18-октябрь 2023-жыл
Ибраимов Эрнис Бакытбекович
11
Чмыря 2 – 2адам (Чмыря кв 2а, 2б, так жагы №1-15ү ч, жуп жагы №4-10ү ч,Чмыря теплица, Жатакана)
19-октябрь 2023-жыл
Насиров Эльман Мислимович
12
Тимирязева, Мичурина – 2адам
20-октябрь 2023жыл
Ибраимов Эрнис Бакытбекович
13
Комсомольская Пионерская – 2адам
21-октябрь 2023жыл
Курбанова Сахаб Мамедовна
Национальный айылы
1
Садовая к. – 2адам
16-октябрь 2023-жыл
Борончу уулу Ниязбек
2
Московская к.өйдөнкү Ключевая к.
- 3 адам
17-октябрь 2023-жыл
Асамбеков Жалил Шейшенбекович
3
Московская к. ылдыйкы Ключевая к. – 3 адам
18-октябрь 2023-жыл
Мырзабекова Толкун Мырзабековна
4
Новая к. – 2 адам
Борончу уулу Ниязбек
Панфилов айылы
1
Линейная к. – 4адам
16-октябрь 2023-жыл
Караталова Гульнура Самирбековна
2-тиркеме Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 7/30 токтому менен бекитилди
Первомайский айыл аймагындаөкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун КУРАМЫ
1. Кочкорова Зимират Маданбековна – айылдык кенештин тѳрайымы, жумушчу топтун төрайымы;
2. Ибраимов Эрнис Бакытбекович – айылдык кенештин депутат;
3. Коккозова Гульзана– аялдар комитети;
4. Бактыбек уулу Аман– жаштар комитети;
5. Кутманалиева Токтайым Айдарбековна – жооптуу катчы, жумушчу топтун катчы;
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 29 августа 2023 года УП № 215 "О проведении Народного Курултая"Указ · 29.08.2023 · № 215 · Утратил силу