# Чельпек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 40 "Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чельпек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 40 "Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 40
- Дата принятия: 23.09.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.09.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004946>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25870/edition/6725/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.09.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чельпек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 40 "Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому (ред. от 23.09.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004946

---

ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ ТОКТОМ Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү XXI-сессиясы

2022-жылдын 23-сентябрындагы № 40

Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында. КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА”ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясынын негизинде:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайы 2022- жылдын 5-ноябрында саат 10:00 го чакырылсын.

2. Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 50 делегаттан турары белгиленсин.

3. Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы -11 адамдан бекитилсин. ( №1- тиркеме)

4. Жергиликтүү жаматтар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15- октябрдан 21- октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. ( №2- тиркеме)

5. Чельпек айыл аймагында Курултайды уюштурууга жумушчу топко ар тараптуу көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.

6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Каракол шаарынын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б. Саревага жүктөлсүн.

Төрага

Б. Омуркулов
