Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Теплоключенка айылдык кеңешинин «Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылышы
2023-жылдын 22-февралындагы № 13
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтому менен бекитилген Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобонун 3-пунктуна ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын курамы 9 (тогуз) адамдан түзүлүп, төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
- Садырова Р.К.- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрайымы;
- Сыртбаева Н.С.- башкы адис-юрист, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү :
- Сакиев А.Г.- жер маселел боюнча башкы адис;
- Жангабылов А.Ж.- жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жетектөөчү адис;
- Канатбеков Н.К.- “Ак-Суу коммуналдык чарба” муниципалдык ишкананын жетекчиси;
- Жапаров Э.З.- “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси:
- райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгын өкүлү;
- Асанов Э.Ө.- айылдык кеңештин депутаты;
- Молдараков К.О.- айылдык кеңештин депутаты;
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.И. Алмабеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.