# Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 22-1 "Айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен Айылдык кеңештин 2023-жылдын 25-январындагы № 17-5 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 22-1 "Айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен Айылдык кеңештин 2023-жылдын 25-январындагы № 17-5 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22-1
- Дата принятия: 30.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004758>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25717/edition/6528/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 22-1 "Айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен Айылдык кеңештин 2023-жылдын 25-январындагы № 17-5 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 30.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004758

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз жыйырма экинчи сессиясы 2023-жылдын 30-октябры № 22-1 Айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен Айылдык кеңештин 2023-жылдын 25-январындагы № 17-5 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолор киргизүү жөнүндө КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547 жарлыгын ишке ашыруу боюнча , КР Министрлер Кабинети 2023-жылдын 11-мартында №137 сандуу токтом кабыл алган. Токтомдо дыйкан чарбалар айыл чарба жерлеринин салыктарынан 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин бошотулган. Жергиликтүү бюджеттерди толуктоо максатында жыл сайын республикалык бюджеттен компенсация катары кирешеге каржылоо каралган. Быйылкы жылга 487,5 миң сом компенсация берилген, бул акча каражатын каржылоо тууралуу ФЭБнүн башчысынын маалыматын, айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен жана айылдык кеңештин 2023-жылдын 25-январындагы № 17-5 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолор киргизүү тууралуу айыл өкмөтүнүн жана туруктуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен айылдык кеңештин 2023-жылдын 25-январындагы № 17-5 токтому менен бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө, кошумча түшкөн кирешени тиркемеге ылайык, тактоолор жана толуктоолор киргизилип бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Аткарууга жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке жүктөлсүн.

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы

О.С.Абдырахманов.

Кеңеш айылдык кенешинин ( 7 - чакырылышынын) кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын 2023-жылдын 30-октябрындагы № 22-1 токтомуна тиркеме

тогуз айлык бюджеттин аткарылышында түшкөн кирешенин тиешелүү тармактарга бөлүштүрүлүшү.

Разделдер

Код эконом

кварталдар боюнча

Бардыгы

квалификация

1

2

3

4

Киреше бөлүгү: Кошумча

Максаттуу трансферт (Компенсация юридикалык жер салык) үчүн

13321200

487,5

487,5

баары

487,5

487,5

Чыгаша бөлүгү

Р – 70491 экономикалык суроолор

2215

100

100

Р – 70491 экономикалык суроолор

2221

145

145

Р – 70629 комуналдык тейлѳѳлѳр

2212

30

30

Р – 70911 мектепке чейинки мекемелер

2215

182,5

182,5

Р – 70921 орто мектептерге

2215

30

30

баары

487,5

487,5

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы

О.С.Абдырахманов

Кеңеш айылдык кеңешинин катчысы:

А.П.Шадыбекова.
