# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги №36/144 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун аткаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги №36/144 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун аткаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36/144
- Дата принятия: 11.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004750>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25710/edition/6520/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги №36/144 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун аткаруу жөнүндө" токтому (ред. от 11.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004750

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы 2024-жылдын 11-апрели № 36/144

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан аймактык территориалдык реформанын алкагында (АТР), Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун жетекчиликке алып, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 8-апрелиндеги №69 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын 2024-жылдын 8-апрелиндеги №01-17/17 буйругу бекитилсин.

2. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматовго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 4 административдик муниципалдык штаты кыскаргандыгына байланыштуу, алардын кызматтык милдеттери шаардык кенештин техникалык тейлөө персоналына жүктөлөрүн жана техникалык тейлөө персоналынын эмгек маянасы аз экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык кенештин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, шаардык кенештин SMM-адис кызматынын эмгек акысын 70% га, иш кагаздарын жүргүзүүчү катчысынын эмгек акысын 30% га жогорулатууга уруксат берилсин.

4. Кызыл-Кыя шаардык кеңешине тазалоочу 1 штат бирдиги (техничка) бекитилип берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага Ж. Калматов
