# Боз-Учук айылдык кенешинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 24 "Боз-Учук айыл аймагынан 3 га жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Боз-Учук айылдык кенешинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 24 "Боз-Учук айыл аймагынан 3 га жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 12.07.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.07.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004734>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77891/edition/6506/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.07.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Боз-Учук айылдык кенешинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 24 "Боз-Учук айыл аймагынан 3 га жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.07.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004734

---

БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы Ак-Суу району Боз-Учук айылдык кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 11- сессиясы

2022-жылдын 12-июлундагы № 24 Боз-Учук айыл аймагынан 3 га жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер Кодексинин” 4, 13-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пунктуна ылайык Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын Боз-Учук айыл аймагындагы №-295- контурунан 0,13га жайыт, №-296- контурунан 1,91 га жайыт, №301 контурунан 0,14га жайыт, №300 – контурунан 0,2 га бадал, №302-контурунан 0,22 га бадал №936- контурунан 0,40 га бадал, айыл чарба категориясындагы жайыт жана айыл чарба категориясындагы бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга даярдалган жерге жайгаштыруу көктөмөсүн карап чыгып Боз-Учук айыл өкмөт токтом кылат:

1. Боз-Учук айыл аймагындагы №-295- контурунан 0,13га жайыт, №-296- контурунан 1,91 га жайыт, №301 контурунан 0,14га жайыт, №300 – контурунан 0,2 га бадал, №302-контурунан 0,22 га бадал №936- контурунан 0,40 га бадал айыл чарба категориясындагы бадалдар жайгашкан жер тилкелерине чакан суу электр станциясын курууга макулдук берилсин.

2. Боз-Учук айыл аймагындагы №-295- контурунан 0,13га жайыт, №-296- контурунан 1,91 га жайыт , №301 контурунан 0,14га жайыт, №300 – контурунан 0,2 га бадал, №302-контурунан 0,22 га бадал №936- контурунан 0,40 га бадал, айыл чарба категориясындагы бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

3. Бул токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.

Төрага

Б. Термечиков
