Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Боз-Учук айылдык кенешинин «Укук бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду түзүү, каттоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлерди бекитүү жана иш козгоо, кароо боюнча комиссия мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳ» токтому
БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы Ак-Суу району Боз-Учук айылдык кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 11- сессиясы
2022-жылдын 12-июлундагы № 22 Укук бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду түзүү, каттоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлерди бекитүү жана иш козгоо, кароо боюнча комиссия мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 сандуу укук бузуулар жѳнүндѳгү Кодексин жетекчиликке алып, Боз-Учук айыл аймагы боюнча укук бузуулар жѳнүндѳгү иштерге протоколдорду толтурууга, аларды каттоого алган ыйгарым укуктуу кызматкерлерди жана комиссия мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳгү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Укук бузуулар жѳнүндѳгү иштерге протоколдорду толтуруу үчүн төмөндөгү адистер милдеттендирилсин:
У. Бекболотов – айыл өкмөтүнүн юристи;
2. Укук бузуулар жѳнундѳгү иштерди бирдиктүү каттоо реестрине протоколдорду каттоо юрист башкы адис У. Бекболотовго тапшырылсын.
3. Укук бузуулар жѳнүндѳгү иштерди козгоо жана кароо боюнча тѳмѳндѳгү комиссия курамы бекитилсин:
Мустапаев Э.-туруктуу комиссиянын төрагасы – комиссиянын тѳрагасы, Жер маселелери боюнча башкы адис А. Адыгулов - тѳраганын орун басары, Жергиликтүү кенештин катчысы Н. Байсалова – катчы, Комиссиянын мүчөлөрү: Социалдык кызматкер - А. Султанбаева; Ичке-Жергез айыл башчысы- А. Абдыкасымов; Боз-Учук айылыныи айыл башчысы- Э. Бекенов; Жергиликтүү кенешинин депутаты - Н.Бактыбаева (макулдашуу менен); Жергиликтүү кенешинин депутаты – М.Мадраимова (макулдашуу менен); Аксакалдар сотунун төрагасы -Т. Алышпаев (макулдашуу менен).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук коргоо, депутаттык этика жана жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга, жана токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага
Б. Термечиков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Кодекс Кыргызской Республики о правонарушенияхКодекс · 28.10.2021 · № 128