# Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 42 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 42 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 42
- Дата принятия: 14.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004482>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25508/edition/6259/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 42 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 14.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004482

---

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

2022-жылдын 14-декабрындагы № 42

Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун негизиндеги төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун негизиндеги төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы

Т. Өзүбеков
