Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2022-жылдын 14-декабрындагы № 42
Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун негизиндеги төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун негизиндеги төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы
Т. Өзүбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 2 апреля 2010 года №206 "О дополнительных мерах государственной поддержки лиц, проживающих в тяжелых, неблагоприятных природно-климатических…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · Утратил силу