# Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 41
- Дата принятия: 14.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004481>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25506/edition/6258/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө" токтому (ред. от 14.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004481

---

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

2022-жылдын 14-декабрындагы № 41

Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы

Т. Өзүбеков
