Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2022-жылдын 14-декабрындагы № 41
Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы
Т. Өзүбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · Утратил силу