Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Тоголк-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө» № 11/6 Токтому
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынынм XI кезексиз сессиясы 2024-жылдын 12-марты № 11/6 Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, жайыт, сугат суу адиси Кадырбек уулу Бексултандын Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү ашыкча жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгынын 1-пунктунун 3-абзацынын негизинде Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү идентификациялык номери: 4-01-13-1001-0020, 4-01-13-1001-0035, пайдаланып жүргөн жер тилкелеринин ашыкча жерлери, жалпы аянты 0,72 га жер аянты айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Тоголок -Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага
Ж. Турдубеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.