Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көтөрмө айылдык кеңешинин «Көтөрмө айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу үчүн жер мунапысынын субөектисине бекитилүүчү айыл чарба жерлеринин (үлүш, жайыт, өздөштүрүүгө берилген, мамлекеттик фонддун ж.б.) түрүнө жараша жер аянтынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө» токтому
КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш ХXVI сессиясы
2023-жылдын 29-майындагы № 26/1
Көтөрмө айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу үчүн жер мунапысынын субөектисине бекитилүүчү айыл чарба жерлеринин (үлүш, жайыт, өздөштүрүүгө берилген, мамлекеттик фонддун ж.б.) түрүнө жараша жер аянтынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын” жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу №291 Токтомунун 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 Токтомунун редакциясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 токтомунун редакциясына ылайык жана Кадамжай райондук мамлекеттик адмимнистрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы чыгыш № 01-17/1296 катын жетекчиликке алып, Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу максатында жер мунапысынын субөектисине үлүш жерлеринен 0,05 га, жайыт жерлеринен 0,10 га, өздөштүрүүгө берилген жерлеринен 0,10 га, мамлекеттик фондунун жерлеринен 0,08 га өлчөмүндө жер аянттарын мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Көтөрмө айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Р. Таабалдиевге тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Бактыбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 октября 2022 года № 567 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об…Постановление · 18.10.2022 · № 567
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.