# Алтын-Арашан айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын биринчи сессиясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № 2 "Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемесин каттоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Алтын-Арашан айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын биринчи сессиясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № 2 "Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемесин каттоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 21.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004312>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25396/edition/6075/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Алтын-Арашан айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын биринчи сессиясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № 2 "Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемесин каттоо жөнүндө" токтому (ред. от 21.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004312

---

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII-чакырылышынын Алтын-Арашан жергиликтүү кенештин биринчи сессиясы

2024-жылдын 21-февралындагы № 2

“Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемесин каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, токтом кылам:

1.Октябрь, Кара-Жал, Бөрү-Баш айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерин бириктирүү жолу менен Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: -Мамлекеттик тилде: Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши " мекемеси; -Расмий тилде: Учреждение "Местный кенеш айылного аймака Алтын-Арашан "

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: " Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемеси

- Расмий тилде: Учреждение "Местный кенеш айылного аймака Алтын-Арашан "

2.Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу бекитилсин

3.Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суурайону, Октябрь айылы, Кожокматов көчөсү № 29 болуп аныкталсын.

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу – жергиликтүү кеңештин депутаттары.

5.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

6.Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага Т.Т Иманалиев
