Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Алтын-Арашан айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын биринчи сессиясынын «Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемесин каттоо жөнүндө» токтому
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII-чакырылышынын Алтын-Арашан жергиликтүү кенештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 21-февралындагы № 2
“Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемесин каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, токтом кылам:
1.Октябрь, Кара-Жал, Бөрү-Баш айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерин бириктирүү жолу менен Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: -Мамлекеттик тилде: Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши " мекемеси; -Расмий тилде: Учреждение "Местный кенеш айылного аймака Алтын-Арашан "
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемеси
- Расмий тилде: Учреждение "Местный кенеш айылного аймака Алтын-Арашан "
2.Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу бекитилсин
3.Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суурайону, Октябрь айылы, Кожокматов көчөсү № 29 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу – жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6.Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага Т.Т Иманалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года УП № 85 "Об административно-территориальной реформе на уровне айылных аймаков Нарынской области Кыргызской Республики…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 177 "Об организации деятельности айыл окмоту и штатной численности органов местного самоуправления…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Утратил силу