Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Терек-Сай айылдык кеңешинин “Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык, Кызыл-Токой айылындагы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясынын 2024-жыл 08-февралы №531
“Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык , Кызыл-Токой айылындагы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы айыл чарба жерлерине караштуу мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын өткөрүп берүү жөнүндөгү №309 токтомунда көрсөтүлгөндөй, Терек-Сай айыл аймагынын жалпы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жеринин 2 га (50 пайыз) жер аянты акт менен Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилгендиктен, 2 га жер аянтынын ижара акысын бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунда көрсөтүлгөндөй, айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык, Кызыл-Токой айылындагы Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жеринин 2 га (50 пайыз) жер аянтынын ижара акысы 2910 сомго бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын салык инспектору Ө.Качикеевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:
Тойчуев М.С.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.