# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17 “Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17 “Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/17
- Дата принятия: 18.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004075>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25236/edition/5841/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17 “Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө” токтому (ред. от 18.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004075

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы 2024-жыл 18-январы №31/17

“Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө”

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, токтом кылат:

1.Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү, Т.Балтагулов айылдык аймагынын Т.Балтагулов айыл өкмөтү жана Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүн бириктирүү жолу менен “Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевге жүктөлсүн.

3. “Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн” мекемесине өткөрүп берүү актысы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы –акимдин 2024-жылдын 15-январындагы №11- б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн. 4.Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Умаров
