Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын «Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө» токтому
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2024-жылдын 12-февралындагы № 10
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү” типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун 9,10, 11 беренелерине ылайык Боз-Учук айылдык кенеши токтом кылат :
1. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитилсин.
2. Боз-Учук айыл аймагында жерлерди ижарага берүүдө келечек планды жетекчиликке алуусу айыл өкмөтүнүн алдындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага Б.Термечиков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.