# Бешик- Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Бешик- Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10
- Дата принятия: 29.12.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003888>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77861/edition/5636/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бешик- Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” токтому (ред. от 29.12.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003888

---

БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын 2023-жылдын 29-декабры № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ижарага жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешик-Жон айыл аймагынын карамагындагы КБФ жерлери сугарма жер аянттары гектарына 6000 (алты миң) сом, кайракы жер аянты гектарына 1000 (миң) сом деп белгиленсин.

2. Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген жер аянттарынын ижара акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомдоруна ылайык белгиленсин.

3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Чолпонбаев
