# Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын 2024-жылдын 25-мартындагы № 4 "«Тамга» айыл өкмөтү мекемеси “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын 2024-жылдын 25-мартындагы № 4 "«Тамга» айыл өкмөтү мекемеси “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 25.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.03.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003853>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25068/edition/5598/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.03.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын 2024-жылдын 25-мартындагы № 4 "«Тамга» айыл өкмөтү мекемеси “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому (ред. от 25.03.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003853

---

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын

2024-жылдын 25-мартындагы № 4

«Тамга» айыл өкмөтү мекемеси “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жанашаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ № 370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Барскоон” айылдык кенеши токтом кылат:

1. «Тамга» айыл өкмөтү мекемеси жана «Барскоон» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Асанбаевге жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

Төрага М.Ибаков
