Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын ««Тамга» айыл өкмөтү мекемеси “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө» токтому
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын
2024-жылдын 25-мартындагы № 4
«Тамга» айыл өкмөтү мекемеси “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жанашаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ № 370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Барскоон” айылдык кенеши токтом кылат:
1. «Тамга» айыл өкмөтү мекемеси жана «Барскоон» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Барскоон” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Асанбаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага М.Ибаков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 177 "Об организации деятельности айыл окмоту и штатной численности органов местного самоуправления…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Утратил силу