# Көк-Ой айылдык кенешинин 2024-жылдын 3-февралындагы № 31 “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Ой айылдык кенешинин 2024-жылдын 3-февралындагы № 31 “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 03.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003836>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25054/edition/5572/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Ой айылдык кенешинин 2024-жылдын 3-февралындагы № 31 “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому (ред. от 03.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003836

---

КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Ой айылдык кенешинин IX-чакырылышындагы XXXI - сессиясы 2024-жылдын 3-февралы № 31

“Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүгүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Көк-Ой” айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси бириктирүү жолу менен «Кең-Кол айыл аймагынын айылдык кеңеши» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Көк-Ой” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Мурат Шамильге жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

Төрага

Джусупбеков К.М
