Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин «Мамлекеттик фондусунун айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы 2023-жылдын 6-сентябры № 11 Мамлекеттик фондусунун айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.09.2023-жылдагы №01-19/919 чыгыш сандуу Мамлекеттик фондусунун айыл чарбай министрлигине өткөрүлүп берилген 50 пайыз жерлеринин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.09.2023-жылдагы №01-19/919 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №25 “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын өрундөтүү жана ыкчам ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндо жобонун 15-пунктунун жетекчиликке алуу максатында 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин , үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына,айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык мамлекеттик фондусунун айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилген 50 пайыз жерлеринин ижара акылары
- Суулуу 194 (жүз токсон төрт ) сом 50 (элүү) пайыз жеңилдик менен 97 (токсон жети) сом,
- Кайракы 62,30 (алтымыш эки бүтүн жүздөн отуз) 50 (элүү) пайыз жеңилдик менен 31,15 (отуз бир бүтүн ондон беш)
- К 30*97=2910
- К 20*=194
- К 10*=970 сом менен бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага
М.Ш. Аликеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 8 февраля 2021 года УП № 25"О мерах по развитию агропромышленного комплекса Кыргызской Республики"Указ · 08.02.2021 · № 25 · Утратил силу