Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык максаттуу трансфертке түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
ДѲБѲЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын
2023-жылдын 20-ноябрындагы № 9/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык максаттуу трансфертке түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын бөлүү жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Усупов Казыбек Сырымбетовичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Республикадан максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатынын сметасы жергиликтүү тургундардын жана жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык айыл чарбасына техникаларды алуу үчүн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Зерновой комбайн Ростельмаш Nova 340 техникасы -10 000 000 сом
2. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага
К. Субанбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.