# Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-ноябрындагы № 9/1 "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-ноябрындагы № 9/1 "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/1
- Дата принятия: 20.11.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.11.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003761>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24987/edition/5483/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.11.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-ноябрындагы № 9/1 "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.11.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003761

---

ДѲБѲЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын

2023-жылдын 20-ноябрындагы № 9/1

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2023-жылдын 20-ноябрында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 токтому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын алкагында аймактык территориалдык реформа (АТР) ишке ашырылып, жаңы Дөбөлү айыл өкмөтү түзүлүп “Стратегиялык өнүгүү планы” 2024-2028-жылдарга 2023-жылдын 20-ноябрындагы өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгында Дөбөлү айыл аймагынын жарандарынын катышуусунда талкуу боюнча 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планы толуктоо катары киргизилсин.

2. Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планындагы коюлган иш чараларды аткаруу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.

Төрага

К. Субанбеков
