# Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16
- Дата принятия: 10.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003655>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24905/edition/5375/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтому (ред. от 10.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003655

---

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII-чакырылышынын XI-сессиясы

2023-жылдын 10-октябры № 16

Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Эӊилчек айылдык аймагынын Кыдыр-Аке же болбосо Хан-Теӊири айылдык аймактардын бирөөсүнө кошулуу сунушу четке кагылсын.

2. Эӊилчек айылдык аймагынын айылдары “Өзгөчө статусу” бар, бийик тоолуу, алыскы, чек ара аймактарынын катарында тургандыгын эске алуу менен жана элдик жыйындардын каршылыгын белгилеп, Эӊилчек айылдык аймагы өзүнчө айылдык аймак болуп калтырылсын.

3. Бул чечим жогорку инстанцияларга жеткирилсин.

4. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

А.У. Исмаилова
