Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин «Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө» токтому
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII-чакырылышынын XI-сессиясы
2023-жылдын 10-октябры № 16
Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Эӊилчек айылдык аймагынын Кыдыр-Аке же болбосо Хан-Теӊири айылдык аймактардын бирөөсүнө кошулуу сунушу четке кагылсын.
2. Эӊилчек айылдык аймагынын айылдары “Өзгөчө статусу” бар, бийик тоолуу, алыскы, чек ара аймактарынын катарында тургандыгын эске алуу менен жана элдик жыйындардын каршылыгын белгилеп, Эӊилчек айылдык аймагы өзүнчө айылдык аймак болуп калтырылсын.
3. Бул чечим жогорку инстанцияларга жеткирилсин.
4. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
А.У. Исмаилова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Указ Президента Кыргызской Республики от 18 октября 2022 года УП № 350 "О дальнейших мерах по совершенствованию административно-территориального устройства и развитию регионов…Указ · 18.10.2022 · № 350