Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каргалык айылдык кеңешинин “Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу” токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жыл 20-февралы №1
“Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу”
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протокол бекитилсин.
2. Токтоболотов Таалайбек Иманович бириккен Каргалык айыл аймагынын Каргалык
айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына
жарыялансын.
Төрага:
К.Мамырова
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө №1 ПРОТОКОЛ
2024-жылдын 20-февралы Казарман айылы
Төрагалык кылуучу: Мамырова Каныш Мөкүшовна Сессиянын катчысы : Орозова Жылдыз Токтобековна Жумабаев Эмилбек Жумабаевич Катышкандар: Каргалык бириккен айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 32, анын ичинен катышкандары - 28 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Мамырова Каныш Мөкүшовна бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды. Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер катталды. Тогуз -Торо районундагы Каргалык айыл аймагын түзгѳн айылдык кеңештердин тѳрагалары ат салышкан.
Токтоболотов Таалайбек Иманович - Каргалык айылдык кеңешинин тѳрагасы. Эпээва Винара Молдожумаевна - Сары-Булуң айылдык кеңешинин тѳрагасы.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:
1. Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны - 32 (отуз эки).
2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны - 28 (жыйырма сегиз).
3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):
1. Токтоболотов Таалайбек Иманович - 15 (он беш) добуш.
2. Эпээва Винара Молдожумаевна - 12 (он эки) добуш.
3. Баарына каршы - 1 (бир).
Тогуз-Торо районундагы бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Токтоболотов Таалайбек Иманович бириккен Каргалык айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылды.
Төрагалык кылуучу: Сессиянын катчылары:
К.Мамырова
Ж.Орозова
Э.Жумабаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года УП № 24 "Об утверждении Временного положения о деятельности местных кенешей в рамках проводимой…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу