Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин «Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставын бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы
2023-жылдын 24-январы № 27/8 Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын ( ИАСС) уставын бекитүү жөнүндө
Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын ( ИАСС) уставы конференцияда талкууланып, жалпы элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынгандыгын жана ушул уставды сессияда бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” № 101 мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялыкассоциациясынын уставы бекитилсин ( устав тиркелет).
2. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялыкассоциациясы айылдык кеңеште каттоого алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу инвестиция тартуу жана долбоорлор менен иштөө маалымат берүүчү адис Э.Дурсуматовага, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы :
М. Макенов
Ош областынын Алай районунун Жаны-Алай айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялыкассоциациясынын У С Т А В Ы
I.Жалпы жоболор
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык коомчулуктун инвестициялыкАссоциациясынын толук аталышы:
- Мамлекеттик тилде: Ош областынын, Алай районунун, Жаны-Алай айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;
- расмийтилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» Жаны-Алайского айыльного аймака Алайского района Ошской области.
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттиктилде: Жаны-Алай айылдык аймагынын АКИА;
- расмийтилде: ИАСС Жаны-Алайского айыльного аймака.
Жаны-Алай айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалыкдареги: КыргызРеспубликасы, Ош областы, Алай району, Жаны-Алай айылы, Умаров көчөсү. АКИА өзишмердүүлүгүн Жаны-Алай айылды каймагында жүргүзөт. АКИА ныништөөмөөнөтүчектелбейт.
6. АКИА аймактык коомдукж ергиликтүү өзалдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды нтоктомдору менен буйруктарына жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилгенЖобого, ошондой эле өздөрүнүнУставына жана чечимдеринетаянат.
7. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунунчечимин (протоколун), Уставын тапшырат.
8. АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.
II. АКИАнынмаксаттарыжанаиш-милдеттери
АКИАнын түзүлүү максаттары:
- Социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- Кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- Калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуупроцесстерине катышуусун арттыруу.
АКИАныниш-милдеттери:
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
- Жергиликтүүаймактынсоциалдык –экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;
- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
- эл аралыкжана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;
- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;
- курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;
- калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;
- жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.
III. АКИАнынукуктарыжанажоопкерчилиги
Тиешелүү айылдык кеӊеш жана анын аткаруучу-тескөөчү органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө укуктуу; АКИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга укуктуу; АКИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекетти кэмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγ γмакулдашууларды тγзγγгѳ укуктуу; АКИА мамлекетти кжана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми аларАИКАнын милдеттери боюнча жооп бербейт. АКИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
IV.АКИАнынбашкарууоргандары
АКИАнын башкаруу органдары:
- Жогорку орган–делегаттардын Конференциясы;
- Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
- Текшерүүчү орган – текшерүү комиссиясы.
V.АКИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары
АКИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомчулуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган,АКИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам АКИАнын мүчөсү болот; АКИАнын уставына ылайык аг амүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат; АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын анын жалпы чогулушуна катышууга укуктуу; АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын жалпы чогулушунун, анын аткаруучу комитетинин, текшерүүчү комиссиясынын бардык чечимдери,протоколдору менен таанышууга, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укутарга ээ.
VI. АКИАнынКонференциясы
Конференция – АКИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат жана анын делегаттары Жаны-Алай айылдык аймагынын курамына кирген айылдарынын жалпы чогулуштарында атайын бекитилген кворумдун негизинде шайланышат. Ар бир айылдан шайланган делегаттардын 50% аялдар жана 50% жаштар болушу керек; Конференциянын делегаттарынын жалпы саны 60 киши, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар; АКИАнын Конференциясы жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция АКИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт; Кезексиз КонференцияАКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же текшерүү комиссиянын, Конференциянынжалпы делегаттарынын 50%нан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси жана айылдык кеңештин сунушу менен чакырылат; Конференцияны өткөрүү үчүн АКИАнын жалпы мүчөлөрүнүн 51% катышуусуталап кылынат, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар болуусу керек. Кворум жок болгон учурда, АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт; АКИАнын Конференцияларынын ишине айылдык кеңештин төрагасы, анын орунбасары, ар бир айылдан бирден көп эмес депутаты, айыл өкмөтүнүн төрагасы, ал жокто анын орун басары кеңешүүчү добуш менен катышыша алышат; Бардык Конференциялардаярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек; Биринчи Конференцияны катышуучулардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары бул Конференцияжана андан кийинки Конференцияларжаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жүргүзүлөт; Биринчи Конференциянын күн тартибине АКИАнын уставын талкуулоо жана кабыл алуу жана АКИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет; Чечимдер Конференцияга катышкан делегаттардынжөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
VII. Конференциянын компетенциясы/укуктары
Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- АКИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- АКИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- АКИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- Жылдык отчетту бекитүү;
- АКИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- АКИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. АКИАнынаткаруукомитети.
Аткаруу комитет АКИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын ортосундагы аралыкта АКИАнын ишмердүүлүгү нбашкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу комитет АКИАнын бардык функцияларын жан амилдеттерин аткарат; Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференциянын делегаттарынын арасынан шайланат; Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат; Аткаруу комитетинин ыйгарымукуктары:
- АКИАнынКонференцияларынуюштуруу;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга катышуу;
- Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүүгө катышуу;
- Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалыматберүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
- Донорлорго сатыпалуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
- Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү;
- Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалыктейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
- Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- АКИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга, эсептик катоодон өткөзгөн айылдык кеңешке отчет берет; Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн теңукуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо; Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу отуруму Конференциядан кийин өткөрүлөт, аткаруу комитетинин биринчи отурумунда анын катчысы шайланат жана кийинки отурумдун датасы аныкталат; Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда аткаруу комитетинин төрагасы жана анын орун басары шайланат.Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат; Аткаруу комитетинин төрагасы бир жылга шайланат. Аткару укомитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек. Аткаруучу комитетинин жалпы саны 19 адамдан ашпайт, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар; Аткаруу комитетинин кийинки отурум укеминде 5 (беш) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылу уменен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз отурумдар АКИАнын аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн; Аткаруу комитетинин отуруму анын мүчөлөрүнүн 2/3 катышуусунда гана өткөрүлөт. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек; Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдерин добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушуменен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат; Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматтына ылайык автоматтык түрдө аткаруу комитетинин мүчөсү болуп эсептелет жана аткаруу комитетинин бардык иштерине активдүү катышат; Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- АКИАнын уставына кол коет;
- Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде АКИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
- Аткаруу комитетинин отурумдарын өткөрүү;
- Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү;
- АКИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
- Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды, функцияларды аткаруу.
Эгерде АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы (төрайымы) өзүнүн иш-милдеттерин аткара албаса, кайрадан аткаруу комитетинин төрагасы аткаруу комитеттин отурумунда көпчүлүк добуш менен шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат; Аткаруу комитетинин мүчөсү иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын чечими менен кайра чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Ага себеп бул же тигил мүчөнүн өз милдеттерине кайдыгерлик кылгандыгы же аларды аткарбагандыгы же өз ыктыяры менен арыз жазышы болушу мүмкүн. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда айылдарда өткөрүлгөн жалпы чогулуштардын чечимдерине ылайык өткөрүлөт.
IX. Текшерүү комиссиясы
Текшерүү комиссиясы АКИАнын Конференциясында бир жылдык мѳѳнѳткѳ АКИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат.Текшерүү комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат; Текшерүү комиссиянын мүчөлөрү АКИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосукерек; Текшерүү комиссиясы АКИАнын аткаруу органынын жана анын башка структураларынын финансылык-чарбалык иштерин көзөмөлдөйт; Текшерүүкомиссиясы жыл аягында отчетун берет жана ал отчет Конференциятарабынан бекитилет; АКИАнын бардык кызмат адамдары текшерүү комиссиясынын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү; Текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн; Текшерүү комиссиясынын төрагасыанын мүчөлөрү тарабынан мүчөлөрдүн ичинен шайланат.
Х. АКИАны жоюу жан ареорганизациялоо
АКИАнын ѳз ишин токтотуу АКИАны реорганизациялоо же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинде каралаган тартипте жγргγзγлѳт.
Жаны-Алай Айылдык аймагынын АКИАнын аткаруу комитетинин Төрагасы _______________ /______________________________/
(колу) (аты-жөнү)
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · Утратил силу