Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Токтогул шаардык кеңешинин «“Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү боюнча” токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2024-жыл 12-марты №14
“Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү боюнча”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" ПЖ №370, 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” ПЖ №24 Жарлыктарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин курамына Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттары кошулганына байланыштуу Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга иш планын кайрадан карап, бекитүү зарылчылыгы келип чыкты. Жыйынтыгында, Токтогул шаардык кеңешинин иш планы боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга түзүлгөн иш планы кайрадан каралып, сунуш-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасына (М.Т.Борбугулов), жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 07.02.2024-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын №01 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага:
М.Т. Борбугулов
БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 12.03.2024-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын № 14 токтому
Токтогул шаарында жана ага караштуу Жаңы-Жол, Куйбышев, Арал, Кызыл-Туу, Комсомол, Кара-Суу айылдарында жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышын кароо, иш алып баруу багыттары боюнча Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга ИШ-ПЛАНЫ
№
Шаардык кеңештин сессиясы, туруктуу комиссия нын жыйналы шы
Сессия ларды жана ТК жыйна лыш тарын өткөрүү мөөнөт төрү
Аткарыла турган иштердин мазмуну
Аткаруучу, аткаруу органынын жооптуу кызматкери
Аткарылы шын көзөмөлдөө чү туруктуу комиссиялар- депутаттар
Жыйынтык
I квартал
1.
Токтогул шаардык кеңешинин 2023-жыл ичинде аткарган иштер боюнча маалыматы
3.
Элдик жыйын
Январь
Туруктуу комиссиялардын аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу; Шайлоочулардын жазган арыз-каттары, сунуш-пикирлери боюнча аткарылган иштерди талкуулоо;
Депутаттардын отчет даярдоосуна көмөк көрсөтүү, керектүү материалдар менен камсыз кылуу; Жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн туруктуу комиссияны, депутатты, жашоочуларды сыйлоо баракчалары менен сыйлоо, ар кандай номинацияларды ыйгаруу;
Шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялардын төрагалары, шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери
Бардык туруктуу комиссиялар
Жашоочулар жыл ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын аткарып жаткан иштери менен таанышат, маалымат алышат.
2.
Кезектеги сессияны өткөрүү, шаардык кеңештин 2024-жылга карата иш планын талкуулоо, сессияга сунуштоо, бекитүү жана туруктуу комиссиялардын иш планын даярдоо, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында кароо,бекитүү
Шаардык кеңештин кеңешмеси, сессиясы, туруктуу комисиялардын жыйналыштары
Январь
Шаардык кеңештин кеңешмесинде, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында талкуулоо;
Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери жана депутаттары
Иш план даярдалат, бекитилет, ырааттуу иш алып барууга шарт түзүлөт, ар бир иш боюнча жооптуу кызматкерлер, туруктуу комиссиялар аныкталат.
3.
2023-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча шаардын мэринин отчетун угуу, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин маалыматын угуу
1)
Туруктуу комиссиялардын жыйналышы (биргелешкен жыйналыш)
Январь -февраль
Тиешелүү туруктуу комиссиянын (же туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышы) шаардын мэринин отчетун структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда алдын ала угуу;
Шаардын мэри (же вице-мэр), ФЭБ башчысы жана тиешелүү кызматкерлер, мэриянын алдындагы структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери
Төраганын тапшырмасы боюнча бардык туруктуу комиссиялар бирдиктүү чечимин даярдайт
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алат жана сессияда кароо үчүн күн тартибинде каралуучу маселеге киргизет.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Январь-февраль
- 2023-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча аткарылган иштер, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жөнүндө, шаардын мэринин отчетун угуу;
- туруктуу комиссиянын чечимин угуу;
Шаардын мэри, ФЭБ башчысы
Төраганын тапшырмасы боюнча бардык туруктуу комиссиялар, кеңешменинин жыйынтыгын сунуштайт
Шаардын мэринин 2022-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчету токтом менен кабыл алынат. toktogul.kg сайтына жарыялайт.
4.
2024-жылга жергиликтүү бюджеттин (киреше жана чыгаша бөлүктөрүн эске алуу менен) долбоорун талкуулоо. Бюджет боюнча коомдук угуулардагы сунуштарды, бюджетке тиешелүү жана башка кайрылууларды кароо.
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы (же биргелешкен жыйналыш)
Январь февраль
2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин жалпы түзүлүшүнүн (киреше жаны чыгаша бөлүктөрү) долбоорун туруктуу комиссиянын жыйналышында талкуулоо. Шаар мэринин, ФЭБ башчысынын сунуштарын угуу, бюджет боюнча коомдук угуулардагы демилгелүү топтордун активдүү катышуучуларынын жана башка кызыктар тараптардын сунуштарын эске алуу. Бюджеттин түзүлүшүнүн долбоору боюнча сунуштарын киргизүү. Корутунду даярдоо.
Шаардын мэри, ФЭБ башчысы, экономист-статист.
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия- (же бардык туруктууу комиссиялар)
Туруктуу комиссиянын сунуштаган бюджеттин долбоору боюнча чечим кабыл алат, сессияга сунуштайт.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Январь февраль
Жeргиликтүү бюджеттин түзүлүшүнүн долбоорун угуу, бекитүү;
- туруктуу комиссиянын төрагасы;,
- шаардын мэри (же ФЭБ башчысы)
- мэриянын алдындагы тиешелүү ишкана жетекчилери;
Жыйынтыгында бюджеттин долбоорун бекитүү же кайрадан иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүү.
Шаардын мэри, ФЭБ башчысы.
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия, башка туруктуу комиссиялар
Туруктуу комиссия тарабынан сунушталган бюджеттин долбоору боюнча сессиянын токтомун кабыл алат, ММК жарыялайт.
6.
2024-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кароо, бекитүү
1)
Туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышы
Январь февраль
2023-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгына анализ жүргүзүү менен Токтогул шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан 2024 –жылга карата Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш чарасын талкуулоо;
Шаардын мэри, ФЭБ башчысы, экономист, статист жана башка адистер
Бардык туруктуу комиссиялар тарабынан каралат
Сессияга сунуштоо үчүн талкууланган маселе боюнча туруктуу комиссиялар чечимин даярдайт, сессияга сунуштайт.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Январь февраль
Токтогул шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан 2024-жылs аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча иш-чарасын кароо жана бекитүү;
Шаардын мэри
Бардык туруктуу комиссиялар.
2024 –жылга карата Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасын бекитет, токтом кабыл алат, аткарылышын контролдойт, ММК жарыялайт.
7.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана алардын даректүү жүргүзүлүшүнө байкоо жүргүзүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун маалыматы
II квартал
1.
Коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, жол коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча, гендердик теңчиликке жетишүү, балдарды колдоо боюнча иштердин жүрүшү
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Апрель май
Туруктуу комиссия тарабынан аталган маселе боюнча материалдарды сессияга даярдоосу. ИИБнүн өкүлүнүн (аймактык инспектор), аксакалдар сотунун, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн, коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдун укуктарын коргоо, жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш чаралар жөнүндө маалыматтарын алуу, угуу; Шаардык мэриянын билим берүү мекемелери, балдар иштери боюнча комиссия менен бирдикте наркомания, СПИД, жана алкоголизмге каршы күрөшүү боюнча акцияларды өткөрүүсү боюнча маалыматын угуу; Уй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, балдарды колдоо боюнча иш аракеттерди талкуулоо; Мэрдин (вице-мэрдин) маалыматын угуу
Шаардын мэри (вице-мэр) (аймактык инспектор, Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын, ЖКК бөлүмүнүн өкүлдөрү), Кварт.комитеттер, мектептердин директорлору, аксакалдар сотунун төрагасы, балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасы.
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия, медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссиялар чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Апрель май
Туруктуу комиссиянын аталган маселе боюнча корутундусун угуу; ИИБнүн өкүлүнүн (аймактык инспектор), айыл башчыларынын, аксакалдар сотунун, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн, коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдун укуктарын коргоо, жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш чаралар жөнүндө маалыматтарын угуу; Шаардык мэриянын билим берүү мекемелери, балдар иштери боюнча комиссия менен бирдикте, наркомания, СПИД, жана алкоголизмге каршы күрөшүү боюнча акцияларды өткөрүүсү боюнча маалыматын угуу;
Шаардын мэри (вице-мэр) (аймактык инспектор, Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын, ЖКК бөлүмүнүн өкүлү), көчө комитеттер, мектептердин директорлору, аксакалдар сотунун төрагасы, балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасы.
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия, медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Аталган маселе боюнча шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт
2.
КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы ПЖ №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды камсыз кылуу боюнча иштердин жүрүшү, жаштар комитетинин иштери жөнүндө
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Апрель май
калк арасында, мектептерде, балдар бакчаларында окуу – тарбия иштери менен бирге сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча маалыматты угуу:
- -тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагасы;,
- шаардын мэри (вице-мэр);
- спорт комитетинин жетекчиси;
- жаштар комитетинин жетекчиси;,
- мектептердин, балдар бакчаларынын директорлору;
- Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн өнүктүрүү боюнча маалымат угуу, массалык спортту өнүктүрүү, райондук, областтык, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн тандалган спортчуларга колдоо көрсөтүү;
Шаардын мэри (вице-мэр), кварталдык комитет башчылары, спорт комитетинин, жаштар комитетинин жетекчилери, билим берүү уюмдарынын директорлору
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия, медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында кароо үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.
1)
Шаардык кенештин сессиясы
Апрель май
Калк арасында, мектептерде, балдар бакчаларында окуу – тарбия иштери менен бирге сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча маалыматты угуу:
- тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагасы;,
- шаардын мэри (вице-мэр);
- спорт комитетинин жетекчиси;
- жаштар комитетинин жетекчиси;,
- мектептердин, балдар бакчаларынын директорлору;
Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн өнүктүрүү боюнча маалымат угуу, шаар аймагында массалык спортту өнүктүрүү, райондук, областтык, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн тандалган спорт командаларына колдоо көрсөтүү;
Шаардын мэри (вице-мэр), кварталдык комитет башчылары, спорт комитетинин, жаштар комитетинин жетекчилери, билим берүү уюмдарынын директорлору
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия, медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында кароо үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.
3.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын, “Жашыл мурас” улуттук өнөктштүгүнүн алкагында, экологияны коргоо, шаар аймагында көрктөндүрүү, коомдук жайларды жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, тазалыкты камсыздоо боюнча иштердин жүрүшү, суу кетүүчү арыктарды, каналдарды тазалоо иштери, айылдардагы насостордун иштөө абалы менен таанышуу, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү иштеринин жүрүшү
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Апрель, май
Тазалык, экологияны коргоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу , суу кетүүчү арыктарды ирээтке келтирүү, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү иштерин жакшыртуу боюнча, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү уюштуруу, Эс алуу багын ирээтке келтирүү боюнча “Ыңгайлуу шарт ” муниципалдык ишканасынын маалыматын, сунуштарын угуу; Тазалык акцияларын уюштуруу боюнча иш аракеттерди угуу; Мектеп, балдар бакчаларында тазалыкты сактоо, улуттук нарк насил, үрп адат боюнча лекцияларды окууну уюштуруу ;
Шаардын мэри, “Ыңгайлуу шарт” муниципал дык ишканасынын жетекчиси, башка жооптуу кызматкерлер
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Апрель, май
Тазалык, экологияны коргоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу , суу кетүүчү арыктарды ирээтке келтирүү, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү иштерин жакшыртуу боюнча, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү уюштуруу, Эс алуу багын ирээтке келтирүү боюнча “Ыңгайлуу шарт ” муниципалдык ишканасынын маалыматын, тазалык акцияларын уюштуруу боюнча сунуштарын угуу; Мектеп, балдар бакчаларында тазалыкты сактоо, улуттук нарк насил, үрп адат боюнча лекцияларды окууну уюштуруу ;
Шаардын мэри, “Ыңгайлуу шарт” муниципал дык ишканасынын жетекчиси, башка жооптуу кызматкерлер
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт.
4.
КР Президентинин 2021-жылдын 08-февралындагы ПЖ №23 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосун жана саламаттыгын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Жарлыгынын негизинде, мектеп, балдар бакчаларынын тамак-аш берүүчү жайларында санитардык нормалардын сакталышы боюнча маселелер.
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Апрель, май
Мектеп, балдар бакчаларынын тамак-аш берүүчү жайларында санитардык нормалардын сакталышы боюнча: -оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик сан.эпид.көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин; -шаардын вице-мэринин маалыматтарын угуу. Аталган маселе боюнча арыз, каттарга жооп берүү үчүн тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен аларды жеринде барып кыдырып кароо; Санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш-пикирлерди киргизүү.
Шаардын мэри (вице-мэри)
Шаардык мэрия
“Ыңгайлуу шарт”МИ
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия,
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия өзүнүн корутундусун сессияга сунуштоо үчүн даярдайт.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Апрель, май
Мектеп, балдар бакчаларынын тамак-аш берүүчү жайларында санитардык нормалардын сакталышы боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуу: -оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик сан.эпид.көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин; -шаардын вице-мэринин маалыматтарын угуу; Санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш-пикирлерди эске алуу.
Шаардын мэри (вице-мэри), жер адиси, соц.адис
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия, Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Каралган маселе боюнча сессиянын токтомун кабыл алат, ММК жарыялайт
5
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери боюнча маалымат угуу
Сессияда талкууланат
июнь
Жайыт пайдалануу боюнча жооптуу кызматкер
Шаар мэри, жооптуу кызматкер
Муниципалдык менчик, жер, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат, аткаруусу көзөмолго алынат
6
Депутаттардын шаардын жана ага караштуу айылдардын жашоочулары менен жоолугушуусу
Эл менен жоолугушуу
июнь
Токтогул шаарынын кичирайондорунда ( 4 бөлүккө бөлүү), шаарга караштуу Жаң-Жол, Куйбышев, Арал, Кызыл-Туу, Комсомол, Кара-Суу айылдарында жыйналыштарды өткөрүү, эл менен жоолугушуу
Шаар мэри, мэриянын, шаардык кеңештин кызматкерлери
Жалпы депутаттар (топторго бөлүнүшөт)
Депутаттардын коомчулук менен байланышы чыңдалат, элдин сунуш-пикирлери эске алынат, чечүү жолдору аныкталат
7.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана алардын даректүү жүргүзүлүшүнө байкоо жүргузүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун маалыматы
III квартал
1.
2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен шаарда социалдык-экономикалык кырдаалга иликтөө жүргүзүү, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иштердин жүрүшү
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Июль, август
Шаардын мэринин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жөнүндө шаар мэринин, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин маалыматын угуу ; Шаарда социалдык-экономикалык кырдаалды иликтеп, анализ жүргүзүп, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү,жөнүндө:
- ФЭБ башчысынын маалыматын угуу;
Шаардын мэри, МИ жетекчилери ФЭБ башчысы, экономист-статист, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия-(же бардык туруктуу комиссиялар)
Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия чечимин даярдап, шаардык кеңештин сессиясына сунуштайт
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Июль, август
Туруктуу комиссиянын, 6 ай ичинде бюджеттин аткарылышы, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету, МИ жетекчилеринин отчеттору, шаарда социалдык-экономикалык кырдаалды иликтөө, анализ жүргүзүү, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча шаардын мэринин, ФЭБ башчысынын малыматтарын эске алуу менен туруктуу комиссиянын чечимин угуу, баа берүү
Шаардын мэри, МИ жетекчилери ФЭБ башчысы,
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия (же бардык туруктуу комиссиялар)
Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия чечимин эске алып, шаардык кеңештин сессиясы токтом кабыл алат, ММК жарыялайт
Социалдык маселелер: аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, I, II, III топтогу майыптыгы бар тургундарга, багар-көрөрү жок улгайган тургундарга камкордук көрүү, жумушсуз статусун алган тургундар боюнча жүргүзүлгөн иштер, КР Президентинин 2021-жылдын 08-февралындагы ПЖ №23 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосун жана саламаттыгын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Жарлыгынын негизинде, калкты медициналык жактан тейлөө иштеринин жүрүшү
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Июль август
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, I,II, III топтогу майыптыгы бар тургундарга, багар көрөрү жок тургундарга камкордук көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча - социалдык өнүгүү башкармалыгын маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу; Жумушсуз статусун алган тургундар боюнча - эмгек жана миграция бөлүмүнүн маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу;
Токтогул шаарынын мэри, соц.адиси, СӨБ башкармалыгы, эмгек жана миграция бөлүмү, Токтогул районунун имамы, орун басары
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия,
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия корутундусун даярдап, сессияга сунуштайт.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Июль август
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, I,II, III топтогу майыптыгы бар тургундарга, багар көрөрү жок тургундарга камкордук көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча мэрдин маалымат – билдирүүсүн угуу; социалдык өнүгүү башкармалыгын маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу; Жумушсуз статусун алган тургундар боюнча - эмгек жана миграция бөлүмүнүн маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу; Туруктуу комиссиянын корутундусун угуу;
Токтогул шаарынын мэри, соц.адиси, СӨБ башкармалыгы, эмгек жана миграция бөлүмү, Токтогул районунун имамы, орун басары
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия,
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия корутундусунун негизинде токтом кабыл алат, ММК жарыялайт.
2.
Шаардык мэрияга караштуу соц.объектилер: мектептердин, балдар бакчаларынын, балдар чыгармачылык үйүнүн, спорт мектебинин жана ФАПтын жаңы окуу жылына карата даярдыктары, оңдоп-түзөө иштеринин сапаты, материалдык мүлктөрүнүн сакталышы боюнча маселелерди кароо
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Июль, август
Шаардык мэрияга караштуу соц.объектилердин жаңы окуу жылына карата даярдыктары, ремонттоонун абалы, материалдык мүлктөрүнүн сакталышы боюнча маселелерди жеринде кароо үчүн атайын түзүлгөн комиссиянын ( вице-мэр, мэриянын материалдык бухгалтери, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, мектеп, балдар бакчаларынын директорлору) иш алып барусу. Комисиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, сунуштарды эске алуу менен, туруктуу комиссиянын корутундусу;
Вице-мэр, материалдык бухгалтер, мектеп, балдар бакчаларынын директорлору
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Муниципалдык менчик, жер, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Комисиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, сунуштарды эске алуу менен, туруктуу комиссия корутундусун даярдап, сессияга сунуштайт
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Июль, август
Комисиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштарды эске алуу менен туруктуу комиссиянын корутундусун угуу, соц.объектилердин жетекчилеринин билдирүүлөрүн угуу, чечим кабыл алуу;
Вице-мэр, материалдык бухгалтер, мектеп, балдар бакчаларынын директорлору
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык токтом кабыл алынат, ММК жарыялайт
3.
Ички жолдордун абалы, курулуш иштери, жашоочулардын электроэнергия, ичүүчү суу менен камсыздандырылышы, көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча аткарылып жаткан иштер
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Июль, август
Туруктуу комиссиянын ички жолдордун абалы, курулуш иштери, жашоочулардын электроэнергия, ичүүчү суу менен камсыздандырылышы, көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча шаардын мэринин, тиешелүүлүгүнө жараша “Ыңгайлуу шарт”, “Суу канал” муниципалдык ишканаларынын жетекчилеринин маалыматын алдын ала угуусу;
- аталган маселелер боюнча арыз-каттарды кароо;
- маселени чечүү үчүн жеринде кыдырып көрүп келүү;
Шаардын мэри, “Ыңгайлуу шарт ” МИ жетекчиси, “Суу канал” ишканасынын жетекчиси
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссиянын чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Июль, август
Туруктуу комиссиянын ички жолдордун абалы, курулуш иштери, жашоочулардын электроэнергия, ичүүчү суу менен камсыздандырылышы, көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча шаардын мэринин, тиешелүүлүгүнө жараша “Ыңгайлуу шарт”, “Суу канал” муниципалдык ишканаларынын жетекчилеринин маалыматы боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча чечим кабыл алуусу;
Шаардын мэри, “Ыңгайлуу шарт” МИ жетекчиси, “Суу канал” ишканасынын жетекчиси
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт.
4.
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, калкка расымдык кызматтардын көрсөтүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ысырапкорчулукту кыскартуу жөнүндө
1)
Шаардык кеңештин сессиясы
Июль август
Шайлоочулардын жазган арыз-каттары, сунуш-пикирлери боюнча аткарылган иштерди талкуулоо; ысырапкорчулукту жоюу боюнча ар кандай сунуштарды талкуулоо; имамдар, коомдук уюмдар менен иштөөнү уюштуруу
Шаардын мэри, туруктуу комиссиялар дын төрагалары, имам, көрүстөн казуучулар
Бардык фракциялардын депутаттары, шаарга караштуу айылдардан шайланган депутаттар
шаар тургундары, айылдардагы жашоочулар көйгөйлүү маселелерди айтып, талкуулай алышат
5.
Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү иштери боюнча
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
август
Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, жашоочулардын бош убакытты өткөрүүсү үчүн керектүү шарттарды түзүү: Жашоочулардын арасында, мекемелер арасында, мектеп окуучулар арасында ар кандай конкурс, сынактарды өткөрүү боюнча, Эс алуу багында, борбордук аянтта, жаштар аллеясында, мэрияга караштуу айылдарда бош убакытты өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мэрдин маалыматын угуу; Жеңүүчүлөрдү сыйлоо, ар кандай номинацияларды ыйгаруу, уюштуруу иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо боюнча мэрдин сунушун кароо;
Шаардын мэри (вице-мэр), соц.адис
Маданият, медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия корутундусун даярдап, сессияга сунуштайт
6
Шаар аймагында көрнөк жарнактардын жайгаштырылышы, маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер
1)
Туруктуу комисссиянын жыйналышы
август
Токтогул шаарынын, ага караштуу айыл аймактарында көрнөк жарнактардын жайгаштырылышын кароо, шаардын сырткы көрүнүшүнө, чөйрөгө тийгизген таасирин кароо, маданий мурастарды, анын ичинде эстеликтердин абалын карап сунуштарды даярдоо
Шаардын вице мэри, туруктуу комиссия төрагалары
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия сунуштарын даярдап, сессияга сунуштайт
7
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана алардын даректүү жүргүзүлүшүнө байкоо жүргузүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун маалыматы
IV квартал
1
2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат угуу, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
октябрь
Шаардын мэринин 2024- жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы, жөнүндө шаар мэринин, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин маалыматын угуу; жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү,жөнүндө- ФЭБ башчысынын маалыматын угуу;
Шаардын мэри, МИ жетекчилери ФЭБ башчысы, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия (же бардык туруктуу комиссиялар)
Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия чечимин даярдап, шаардык кеңештин сессиясына сунуштайт
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
октябрь
Туруктуу комиссиянын, 9 ай ичинде бюджеттин аткарылышы, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча шаардын мэринин, ФЭБ башчысынын малыматтарын эске алуу менен туруктуу комиссиянын чечимин угуу, чечим кабыл алуу
Шаардын мэри, МИ жетекчилери ФЭБ башчысы,
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия (же бардык туруктуу комиссиялар)
Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия чечимин эске алып, шаардык кеңештин сессиясы токтом кабыл алат, ММК жарыялайт
2
Жер пайдалануу эрежелерин, шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин сактоону камсыз кылуу, ижарага берилген муниципалдык менчиктеги жерлерди тактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан жөнүндө
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Октябрь, ноябрь
Жер участокторуна укуктарды берүү жөнүндө шаардын мэринин маалыматын угуу; Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын, жер участогуна укутарды берүү боюнча комиссиянын төрагасынын маалыматын угуу; Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын маалымат-билдирүүсүн угуу;
Шаардын мэри, жер боюнча адис, аталган комиссиялардын төрагалары
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Аталган комиссиялардын төрагаларынын билдирүүлөрүнүн негизинде туруктуу комиссия чечим кабыл алат, сессияга сунуштайт
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Октябрь,
Туруктуу комиссиянын чечимин угуу; Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын төрагасынын маалыматын угуу; Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын төрагасынын маалыматын угуу; Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын маалымат-билдирүүсүн угуу;
Шаардын мэри, жер боюнча адис, аталган комиссиялардын төрагалары
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде, сунуштарды эске алуу менен токтом кабыл алат, ММК жарыялайт
3.
Муниципалдык менчикти башкаруу, ага ээлик кылуунун тартиби боюнча маселелер (КР Министрлер Кабинетинин 10.01.2022ж. №1-р буйругу Мыйзамсыз курулуштар боюнча №109 Жарлык менен бирге)
1)
Туруктуу комиссиянын жыйналышы
Октябрь, ноябрь
Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрин кароо, ижарага берилген жерлерди тактоо, мыйзамсыз курулуштар боюнча иш алып баруу; Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү боюнча сунуштарды кароо; Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Жобо иштеп чыгуу, кеңештин бекитүүсүнө сунуштоо
Шаардын мэри (же вице-мэри), жер адиси
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Сессияга сунуштоо үчүн талкууланган маселе боюнча туруктуу комиссиянын чечим кабыл алуусу
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
Октябрь, ноябрь
Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрин кароо, ижарага берилген жерлерди тактоо, мыйзамсыз курулуштар боюнча иш алып баруу; Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү боюнча сунуштарды кароо;
Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча мэрия тараптан иштелип чыккан Жобонү талкуулоо, бекитүү;
Шаардын мэри (же вице-мэри), жер адиси
Муниципалдык менчик, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия
Макулдашылган негизде шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт, муниципалдык менчикти башкаруу тартибин аныктайт, бекитет
4.
Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдар, дин уюмдары менен жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча (КР Министрлер Кабинетинин 20.01.2022ж. №19-р буйругу 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы)
1)
Туруктуу комисиянын жыйналышы
декабрь
Жаштар кеңеши, шаардык аялдар кеңеши, аксакалдар соту, өкмөттүк эмес уюмдардын, дин уюмунун иштери боюнча мэрдин (вице-мэрдин) маалыматын угуу; Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын төрагаларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуу; Алардын иштөөсү үчүн акча каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды кароо
Шаардын мэри (вице-мэри), коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын төрагалары, борбордук мечиттин имамы
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия, Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия корутундусун даярдап, шаардык кеңештин сессиясына сунуштайт
2)
Шаардык кеңештин сессиясы
декабрь
Жаштар кеңеши, шаардык аялдар кеңеши, аксакалдар соту, өкмөттүк эмес уюмдардын, дин уюмунун иштери боюнча мэрдин (вице-мэрдин) маалыматын угуу; Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын төрагаларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуу; Алардын иштөөсү үчүн акча каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды кароо; Туруктуу комиссиянын корутундусун угуу;
Шаардын мэри (вице-мэри), коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын төрагалары, борбордук мечиттин имамы
Өз алдынча башкаруу, депуаттын компетенциясы боюнча туруктуу комиссия,
Медицина, билим берүү, социалдык абал боюнча туруктуу комиссия
Туруктуу комиссия корутундусунун негизинде жана башка сунуш пикирлерди эске алуу менен шаардык кеңеш токтом кабыл алат
5.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана алардын даректүү жүргүзүлүшүнө байкоо жүргузүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун маалыматы
6.
Шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын иштеп чыгуу, ага ылайык туруктуу комиссиялардын иш планынын иштелип чыгышын кароо
2025-жылга иш-пландын долбоорун талкуулоо, туруктуу комиссиялар менен биргелешкен жыйналыш өткөрүү;
Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар
Бардык туруктуу комиссиялар
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Указ Президента КР от 8 февраля 2021 года УП № 23 "О неотложных мерах по развитию сферы здравоохранения и улучшению качества жизни и здоровья населения в Кыргызской Республике"Указ · 08.02.2021 · № 23
- Указ Президента КР от 31 января 2022 года УП № 17 "Об объявлении 2022 года Годом защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Указ · 31.01.2022 · № 17
- Указ Президента КР от 24 февраля 2022 года УП № 54 "О мерах по упорядочению семейных торжеств и поминальных обрядов в Кыргызской Республике"Указ · 24.02.2022 · № 54